www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СНВ келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин Орусия  менен стратегиялык туруктуулук маселелери боюнча байланыштын жоктугу АКШнын өзүнө зыян алып келет. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов билдирди.

"Бир нече жылдан кийин СНВ келишиминин мөөнөтү бүтөт. Стратегиялык туруктуулук боюнча аскерлер, дипломаттар ортосунда байланыштар биротоло үзүлүп калышы АКШнын улуттук кызыкчылыгына туура келеби? Менимче, андай эмес", — деди Антонов.

Орусия дипломаты убакыт аз калгандыктан, бул келишимдин ордуна кайсы документ иштеши керектигин азыртадан ойлонуу зарылдыгын айтты.

СНВ — жайгаштырылган стратегиялык өзөктүк куралдардын арсеналдарын мындан ары кыскартуу боюнча Орусия менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу келишим. Ага 2010-жылы ошол учурдагы президенттер Дмитрий Медведев менен Барак Обама кол койгон. Документ 2026-жылдын 5-февралына чейин жарактуу деп эсептелет.

Эске салсак, буга чейин Антонов АКШ стратегиялык туруктуулук боюнча диалогду баштоого даяр эмес экенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости