www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын аскерий бюджети эл аралык сооданы өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттан жүздөгөн эсе көп. Бул тууралуу Кытай ТИМинин расмий өкүлү Чжао Лицзянь Twitter баракчасына жазганын РИА Новости кабарлады.
400 times difference tells us how much the #US government loves war...
— Lijian Zhao 赵立坚 (@zlj517) June 4, 2022
400倍的差异。美国政府得有多爱战争? pic.twitter.com/SkVN8sC4nB
Посттогу сүрөттө Вашингтон Украинага бөлгөн доллардын тоо болуп үйүлүп жатканы түшүрүлгөн. Жанында Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясындагы он өлкөгө жасалган америкалык инвестицияны чагылдырган банкнотанын таңгагы тартылган. Мындан Ак үй Украинага аталган ассоциацияга караганда 400 эсе көп каражат жумшаганын түшүнүүгө болот.
"Ортодогу айырма АКШ бийлигинин согушканды абдан жакшы көрөрүн көрсөтүп турат", — деп жазган диломат.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.
Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды.
АКШ жана анын НАТО боюнча союздаштары Украинаны курал-жарак менен камсыздоосун улантууда. Джо Байден ленд-лиз тууралуу мыйзамга кол коюп, аскерий жардамга ондонгон миллиард доллар бөлүнүп жатат.
Москва өз кезегинде курал жеткирүү чыр-чатакты эле создуктурбастан, аларды ташыган транспорт Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн мыйзамдуу бутасы болуп каларын бир нече жолу эскерткен.
Булак: NazarNews.kg