www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленский Сингапурдагы форумда сөз сүйлөп жатып, Украинадан эгин жеткирүүнү токтоткондуктан Азия менен Африкада ачарчылык болушу мүмкүн экенин билдирди.
Зеленскийдин айтымында, эгиндин жетишсиздиги саясий туруксуздукка, бир катар төңкөрүшкө жана саясатчылардын кулатылышына алып келет.
"Эгерде биз дүйнөлүк рынокто өтө жетишсиз болгон азык-түлүктү экспорттой албасак, анда Азия менен Африканын көптөгөн өлкөлөрүндө курч жана оор азык-түлүк кризисине жана ачарчылыкка туш болот. Азык-түлүктүн жетишсиздиги сөзсүз түрдө саясий башаламандыкка алып келет.
Көптөгөн өлкөлөрдүн өкмөттөрүн кулатуу, көптөгөн саясатчыларды өлкөдөн чыгаруу. Бул коркунуч бир катар өлкөлөрдө күнүмдүк товарлардын баасынын асмандап баратканын көргөндө билинет", - деди Зеленский.
Өз кезегинде Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) Орусия Украинага кол салгандан кийин тараткан билдирүүсүндө дагы эскертүүлөрдү берген. Мекеме өз маалыматында, эки өлкө биригип дүйнөдө арпанын 19%, буудайдын 14%, жүгөрүнүн 4%, күн карама майынын 52% камсыз кыларын белгилеген. Ошол себептүү мекеме Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш дүйнөдөгү азык-түлүк коопсуздугуна чоң коркунуч жаратарын кабарлаган.
Ушундай эле билдирүүлөрдү Дүйнөлүк банк, Эл Аралык Валюта фонду жана башка мекемелер да жасашкан.
Ал эми Москва мындай айыптоолорду кескин түрдө четке какты.
Белгилей кетсек, Украинанын президенти Владимир Зеленский Беларусь аркылуу эгин экспорттоодон жана коңшуларга жардам берүүдөн баш тарткан.
Ал эми Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Алексей Данилов украин данын деңиз аркылуу жеткирүү өлкөнүн коопсуздугу кепилденмейинче эч кимге эгин берилбестигин билдирген.
Эске салсак, буга чейин Орусия президенти Владимир Путин Украинадан эгин экспорттоонун бир нече жолу бар экенин айткан.
Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан дан азыктарын негизинен Орусиядан алат. Алатоолуктар жылына 770-800 миң тонна буудай керектесе, жергиликтүү ишкерлер болгону 400 миң тонна гана жыйнайт.
Булак: NazarNews.kg