www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия БУУнун Дүйнөлүк туристтик уюмунан чыкты

Орусия Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмунан (ЮНВТО) чыгат. Тиешелүү буйрукка Россия Федерациясынын өкмөт башчысы Михаил Мишустин кол койду.

«Россия Федерациясынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Федералдык мыйзамдын 36-беренесине ылайык, Россия Федерациясынын Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдан чыгуусу жөнүндө Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин кызыкдар федералдык аткаруу бийлик органдары менен макулдашылган сунушун кабыл алсын», - деп айтылат документтин текстинде.

Белгилей кетсек, буга чейин Гватемала, Литва, Колумбия, Польша, Словения жана Украина Орусиянын БУУнун Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмунан чыгуусун талап кылып келишкен.

27- апрелде БУУнун Дүйнөлүк туристтик уюму өлкө уюмдан 2022-жылдын аягына чейин чыга турганын жарыялаган. СССР 1975-жылы ЮНВТОнун курамына кирген, ал эми Орусия Советтер Союзунун укуктук мураскери катары анын курамында калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости