www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлери эл аралык коопсуздук маселелери боюнча билдирүү кабыл алышты. Бул туурасында Орусиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров билдирди.
Лавровдун айтымында, ЖККУнун алкагында биринчи ирет бөлүнгүс коопсуздук принциби киргизилди.
"Мындай принцип уюмдун ичиндеги бир өлкө экинчи өлкөгө зыян келтирүү менен өз коопсуздугун бекемдешине жол берилбейт дегенди түшүндүрөт", — деди Лавров.
Башкача айтканда, уюмга мүчө-мамлекеттердин бири өз аймагынын коопсуздугун сактайм деп экинчи мамлекетке зыян келчү аракеттерге бара албайт.
Белгилей кетсек, ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.
Булак: NazarNews.kg