www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нуланд:

АКШ Сириядан аскерлерин чыгарбайт. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Виктория Нуланд CNN Turk телеканалына берген маегинде билдирди.

"АКШ Сириядан аскерлерин чыгарбай жатат. Стамбулдагы чиркөөдөгү кечээки кайгылуу окуялар ИШИМ дагы эле көп жерде активдүү экенин көрсөттү. Биз Түркия менен ондогон жылдардан бери терроризмге каршы күрөштө кызматташып келебиз", - деди.

Нуланд АКШ менен Түркиянын терроризмге каршы күрөштө кызматташтыгын бекемдөөнүн мурда болуп көрбөгөндөй маанилүү экенин белгилеп, "эки тарап күрөштүн кандай жүргүзүлүшү керектиги боюнча дайыма эле бир пикирге келе алышпаса да", - деди.

"Бул кечээ кечинде Стамбулда, Иорданиядагы биздин күчтөр сыяктуу эле айкын болду. Ошондуктан бири-бирибизге муктажбыз. Биз сүйлөшкөн нерселердин бири терроризмге каршы күрөштө кызматташууну бекемдөө жана Сирияда кантип алдыга жылуу керек деген диалог болду, анткени эки тараптын тең маанилүү кызыкчылыктары бар, айрыкча терроризмге каршы күрөштө", - деди АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү.

Белгилей кетсек, буга чейин "Foreign Policy" журналы Мамлекеттик департамент менен Пентагондогу булактарына таянып, Вашингтон Сириядан америкалык аскерлерди толук чыгарып кетүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын жазган. Түркиянын “Хүрриет” гезити Анкара Сириядан америкалык аскерлерди чыгаруу пландарына этият мамиле жасап жатканын жазды. Түркия АКШнын Сириядан эле эмес, бүткүл Жакынкы Чыгыштан чыгуу тенденциясын көрүп жатканы белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости