www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-февралда Казакстандын ар кыл аймагынан келген кырктан ашуун киши «Нур Отан» партиясынын Нур-Султандагы кеңсесинде ачкачылык жарыялашты. Алар сот чечимдерине нааразы. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматынан маалымдашты.

Нааразылык уюштургандар «баарыбыздын кайгыбыз соттордун жалган чечимдери болуп жатат» дешти.

Атырау, Актау, Павлодар, Кокшетау жана Алматыдан келген 42 кишинин көйгөйлөрү ар түрдүү. Бири үйүнөн, экинчси мал-мүлкүнөн айрылып, айрымдарына миллиондогон карыз төлөө чечими чыккан.

Атырау облусунан келген Шыныбек Кушалиев Нур-Султанга келүү үчүн жол кирени зорго тапканын билдирди.

– Качанкыга чейин ушунтип жүрө беребиз. Жогорку сотко жиберген арызыбыз каралабы, жокпу белгисиз. Акыркы айла катары ачкачылык жарыяладык, — деди ал.

Бүгүн түнкү саат экиде ачкачылык жарыялаган бир нече кишинин саламаттыгы начарлап, тез жардам чакырылгандан кийин чогулгандар тарап кетишкен. Алар түштөн кийин «Нур Отан» партиясынын кеңсесине келип, президент администрациясынын жетекчилиги жана жогорку кызматтагы чиновниктер менен жолугушууну талап кылышарын билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости