www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нур-Султан менен Алматы вирустун тарашы боюнча "кызыл зонага" кирди. "Сары аймакта" Акмола, Батыш Казакстан, Атырау, Павлодар облустары турат. Калган облустар менен шаарлар "жашыл аймакта".
Алматы шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, соңку суткада Алматыда 160, Нур-Султанда 143 кишиден инфекция аныкталган.
Шейшембиде өлкө боюнча 693 адам коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду.
Казакстанда жалпысынан 220 018 киши COVID-19га чалдыгып, 203 миң бейтап айыкты. Эпидемия башталгандан бери 2 821 адам өлдү.
Дагы 647 адам вирустук пневмониянын кесепеттеринен көз жумган. Казакстан COVID-19дун белгилери бар пневмониянын статистикасын өзүнчө жүргүзүп келет. Санак былтыр август айында башталып, андан бери 49 581 кишинин өпкөсү кагынганы жана 44 миңден ашуунун айыгып чыкканы айтылат.
Булак: NazarNews.kg