www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мурдагы мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев коңшу өлкөлөрдүн президенттери “колдон келсе шеринелеш болушу керек” деген оюун айтты. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына жазды. 

“Кошуна өлкөлөрдүн президенттерине бат баттан жолугуп туруу өтө туура кадам. Колдон келсе шернелеш болуш керек. Көйгөйлөр бат чечилет. Тажрыйба көргөзгөндөй жеке мамиле көп нерсени чечет. Өзгөчө Орто Азияда”, - деген оюун айтты Түлөбаев.

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров жакында эле коңшу мамлекет Казакстанга эки күндүк иш сапары менен барып келген. Алдыда 11-12-март күндөрү Садыр Жапаров коңшу Өзбекстанга мамлекеттик иш сапары менен барары кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости