www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Стамбул шаарында Кыргызстандын жараны Нурадилдин паспорту камакка алынгандыгы тууралуу маалымат тарады. Анын себебин Түркия тарап паспорттун жасалма экендиги менен түшүндүрүүдө. Бирок, Нурадилдин айтымында ал ушул эле паспорт менен 5 жыл аралыгында башка мамлекеттерге деле учуп жүргөн.

- Мен Москвадан Дубайга Стамбул аркылуу учмакмын. Стамбулга учуп келдим. Маселесиз эле киргизишти. 15 сааттан кийин транзиттик аймактан чыгып, Дубай шаарына учушум керек эле. Анан каттоодон өтөөр маалда мени кармап калышты. Паспортуңуз жасалма деп түшүндүрүштү. Андан кийин сот болуп, бир айга менин паспортумду камакка алышты. Андан кийин дароо Стамбулдагы Кыргызстандын консулдугуна бардым, бир жумадан кийин консул мени жоошутту. Бир аптадан кийин паспортуңду кайра алаарымды жана андан ары учуп кетээриме ишендирди.

Бир нече убакыт өткөндөн кийин консулдук кызматкер менен менин ишимди караган прокурорго бардык. Консул кызматкери паспорт жасалма эместиги тууралуу тастыктама берди. Түрк тарап дагы өзүлөрүнүн экспертизасын жүргүзүштү. Мөөнөтү келгенде менин ишим боюнча прокурор алмашкандыгын билдим. Эми канча күтөм? Эмне кылаарымды билбей калдым. Паспортумду 9-сентябрь күнү камакка алышкан. Бир ай болуп калды. Биздин консулдук менен элчиликтин дагы алы келбей калды, өзүлөрүнүн жарандарын коргой албайт” –деп жазган Нурадил өзүнүн инстаграмм баракчасына.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости