www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстанда өлкөнүн Конституциясын өзгөртүү боюнча комиссия ишке киришти. Комиссиянын алгачкы отуруму 4-октябрда болуп өттү. Комиссиянын башчысы президент Гурбангулы Бердымухамедов өзү. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов дүйнөдө экономикалык жана саясий абалдын ылдам өзгөрүп жатканынан улам Консититуцияга өзгөртүү киргизүү зарыл деп белгилеген.

Түркмөнстанда Конституция акыркы жолу 2016-жылы өзгөрүүгө дуушар болгон, анда негизинен президенттикке талапкерлердин жашы өзгөртүлгөн. Талапкерлердин жашын 70ке чейин жогорулатылганы менен учурдагы президенттин өмүр бою тактыда отура берерине мүмкүндүк берет. Бул өзгөрүүдө болсо ошол эле талапкерлердин жашы 40 жаштан жаш болбош керек. Бул саясатка келем деген жаштарга бут тосуу болот, мисалга, президенттин уулу Сердар президенттикке талапкерлигин кое албайт.

Белгилей кетсек, Түркмөнстандын Конституциясы 1992-жылы кабыл алынып, буга чейин 6 жолу өзгөртүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости