www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жашоодо эгиздер сезимтал болуп, бири-биринин оорусун сезип, кыйынчылыгын кошо тартат эмеспи. Коёндой окшош эгиз каармандарыбыз Нурайым, Бегайым Эшимкановалар дагы бири-биринен алыс жүргүсү келбейт. Чырактай жанган, кымча бел сулуу эгиздер адам менен бат тил табышып, ачык айрым, шайыр мүнөзгө ээ.
-- Силерди бир көргөндө айырмалоо кыйын экен. Кандай айырмачылыгыңар бар?
Нурайым: -- Чындыгында бизди “куюп койгондой окшош экенсиңер” деп айырмалай албай сурагандар көп болот. Алтургай апабыз да телефон менен сүйлөшкөндө “Бегайымсыңбы же Нурайымсыңбы?” деп үндөрүбүздү айырмалай албай адашат. Туугандар бизди атама да, апама да окшоштурушат. Көпчүлүк учурда эки башка кийинебиз. Бирок, той-топурда, туулган күндөрдө досторубуз атайын окшош кийинип келишибизди өтүнүшөт.
Бегайым: -- Өң-келбет, ой толгоо, көз караштарыбыз бүт окшош. Бирок, мүнөзүбүздө бир аз айырма бар. Мен көп сүйлөгөн, ачык-айрым мүнөзгө ээмин. Ал эми Нурайым бир аз токтоо. Мени “сен дагы эле чоңоё элексиң” деп тамашалап калат. Үй-бүлөдө алты бир тууганбыз, үч уул, үч кыз. Биз үйдүн кенжесибиз.
-- Ошондо кимиңер улуусу болуп каласыңар?
Н: -- Мен Бегайымдан он мүнөткө улуумун. Апам “ошол убакта УЗИ деле бар болсо керек. Бирок, эмнегедир төрөгөнчө такыр барбаптырмын. Силердин эгиз экениңерди төрөгөндө гана билгем” деп айтып калат. Биз төрөлгөндө атам бөтөнчө кубанган экен. Атабыздын көзү өтүп кеткенине он жыл болуп калды. Мени атам эле чоңойтуптур. Салмагыбыз кичине болуп төрөлгөндүктөн, араң торолуптурбуз. Бизди өстүрүп, ушул даражага жеткирген ата-энебизге чексиз ыраазыбыз. Туугандар “эт эле болчусуңар, кармагандан да коркчубуз” деп күлүп калышат.
Б: -- Ысык-Көл облусунун Тамчы айылынан болобуз. Негизи эле Тамчы айылында эгиздер көп. Көргөндөр “Тамчынын суусун ичиш керек экен. Силерде эгиздер көп турбайбы” деп суктанып калышат.
-- Эгиз балдар менен эгиз кыздар турмуш куруп, бир күндө той өткөргөндөр көбөйүүдө. Силер дагы эгиз балдарга турмушка чыккыңар келеби?
Н: -- Эмнегедир атайын “эгиз балдарга турмушка чыксак” деп деле кыялданбайм. Мага айырмасы деле жок. Эң башкысы, көңүлүбүздү таап, жүрөгүбүздү багындырган чыныгы мырзалар болсо болду. Экөөбүздү эки башка адам катары кабыл алгандар аз. Мисалы, мага сөз айткан жигит мен катуу сүйлөп койсом, “айырмасы кайсы” дегенчелик кылып Бегайымга барып сөз айтат. Андайларды өз жолуна салабыз. Турмушка чыгуу туурасында ойлоно турчу убакыт деле келип калды.
Б: -- Бирок экөөбүздүн табитибиз дагы бир (күлүп). Буга чейин деле эгиз балдар менен сүйлөшүп көргөнбүз. Бирок, олуттуу мамиле тууралуу ойлонбоптурбуз. Жүрөгүбүз бош, балким тагдыр чын эле эгиздерди буюруп коёттур. Негизи Алина, Мадина деген эң жакын эгиз дос кыздарыбыз бар. Төртөөбүз окшош кийинип чыкканда элдин баары карашчу. Азыр алар турмушка чыгышты. Бири-бирибизди жакшы түшүнгөндүктөн, түбөлүктүү дос болууга умтулабыз.
-- Учурда эмне менен алектенесиңер?
Н: -- Азыр экөөбүз жеке иш менен бир жерде эмгектенебиз. Негизи Бегайым кийим саткан дүкөндө иштечү. Мен болсо “Кыргыз киносу” кинотеатрында иштедим. Нурлан Насип жаңы чыгып жатканда “Маякчы карындаш” клибине тартылганбыз. Андан сырткары “Таланттуу эгиздер” аттуу чоң конкурска катышып, биринчи орунду багындырганбыз. Мен КЭУнун экономика багыты боюнча билим алгам. Ал эми Бегайым болсо МАУПФиБдин бухгалтердик эсеп тармагында окуган.
Б: -- Буга чейин “Агама”, “Каухар” бий топторунда улуттук жана чыгыш бийлерин бийлечүбүз. Ошондой эле кийим саткан дүкөндөр менен иштешип, модель катары кийимдерин жарнамалап турабыз. Кастингдерге дагы чакырып калышат. Бирок, биз азыр болгон убакытты жумушка арнаганбыз. Убагында апабыз биздин түйшүктү жакшы эле тартыптыр. Андыктан апабызды кыйнабай, өзүбүздү өзүбүз каржылап, үйгө жардам берүүгө ынтызарбыз. Апабыздын ак сүтүн актоо – башкы тилегибиз.
Назима Жумаева
Булак: "Азия Ньюс"