www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов 10-августка чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында болот.
Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 12-июнда карап, ушундай чечим чыгарды.
УКМК Нурбек Айтмаматовду 10-июнда камакка алып, ага “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен айып койгон. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал бажыда товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды колдонуп, товарлардын жалган транзитин уюштуруп, көмүскө киршее алып турган.
Булак: NazarNews.kg