www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кремлди сагаалап жүргөн Сапар Исаков деген саясий гений чыкты. Аны даңазалагандардын таянгандардын айтымында кыргыз бийлигинде жең учунан тапкан акчаларга «Газпромго» таянган Сапар Исаков Маскөөдөн бизнес жасап, орустарга инвестор катары миллиондорун салып, орус билермандарына жагып жатат. Күзгө карай Гитлердин «Барбаросс планы» сыяктуу саясый пландарын түзүп, ыгы келсе президенттикти алууга дапдаяр. Гитлер чагылгандай тездик менен Москваны алмак, Сапар Исаков чагылгандай тездик менен Бишкекти алам деп турат окшойт. Бирок, бийликтин рейтинги түшпөй атканынан айбыкканы байкалууда. Булганыч иштерди да таптаза жасаса болот, бир эсе төбөлдөргө Сапар Исаков тымызын ортомчу салганы да айтылууда, айтор, ар кандай амалдар менен Москвада жөн жатпай, айласы кетип, күчүн ресторандардан тамак ичкенден чыгарууда.
Баса, Сапар Исаков канча сомго тамактанат, анын менюсу:
Салат жана закускеси
Мурчталган кур бака, чымындын жумурткасы менен - 7420 рубль;
Бүкшүгөн чөөнүн этине, апийим себилген «Дурман» салаты - 8315 рубль;
Биттин сиркеси кошуп куурулган кочкордун чыбыгы -6700 рубль;
Африканын маймылынын бутунан жасалган «АША» салаты - 15750 рубль.
Гарнир
Ышталган жорунун эти, дөбөттүн заарасы менен (150 гр) - 2490 рубль;
Хрен - 480 рубль;
Биринчи тамак
Бешамель соусу менен эшектин чычаңы – 3500 рубль.
Экинчи тамак
Элдин түкүрүгү менен фаршталган Сига балыгы – 2850 рубль.
Үчүнчү тамак
Паспорту бар койдун этинен жасалган талас гүлчөтайы -5450 рубль.
Төртүнчү тамак
Паспорту жок суурдун этинен куурулган куурдак -2520 рубль.
Бешинчи тамак
Фешенабелдүү хамалеондун этинен бифштекс -1665 рубль.
Тойбой калса: Алтынчы тамак
Күрүч менен байланган семиз келемиштин этинен филе-гриль - 6250 рубль.
Десерт
Чизкейк «Алкаш» (200 грамм) -1330 рубль;
«Атанбай» арагы (500 грамм) -1000 рубль;
Жыландын уусу тамызылган «Арзымат» коктейли (200 гр) -745 рубль;
Эшектин сүтүнөн жасалган балмуздак (100 гр) -450 рубль.
Чай, кофе
Экспрессо-кофе «Аташвили» (150 гр) - 70 рубль;
Жакыр болгон калктын шилекейине демделген чай (1 чайнек) - 120 рубль.
Нан
Талаада терилген машактан жасалып, мыя себилген лепешка - 79 рубль.
Жогорку сорттогу ундан жасалган «Коррупция» пирожныйы 155 рубль 50 копеек.
Музыка:
тааныштык менен бекер
Тейлегенге чай-пулга:
00 рубль 50 копеек
Бардыгы: 73 590 рубль же болбосо 1000 доллар
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg