www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Биз Жогорку Кеңешке келсек мамлекеттин бир тыйынына тийбей, элге жардам беребиз”. Бул тууралуу “Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапке Нурбек Алимбеков Ош шаарында өткөн эл менен жолугушуу учурунда айтты.
“Мен сиздерге ишенем. Шайлоо күнү бюллетенди алып добуш берүүчү бөлмөгө киргенде “Жүрөгүмдө Кыргызстан” деген биздин девизди туу тутуп, “Кыргызстан” партиясына добуш бересиздер деп ишенем. Өлкөнүн ар бир аймагында элине эмгеги сиңген, татыктуу талапкерлерибиз бар. Биз элибизге жардам берели деп Жогорку Кеңешке баратабыз. Калың элдин алдында баарыңыздарга сөз беребиз. Биз эч качан мамлекеттин бир тыйынына тийбей, элге гана жардам беребиз, буга чейин да берип келгенбиз”, – деди Алимбеков.
Нурбек Алимбеков андан ары партиянын “Эл үчүн” деген программасына токтолуп, андагы айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча камтылган маанилүү бөлүк тууралуу элге маалымат берди.
“Программабызда камтып кеткендей, биз дыйкандарды ыктыярдуу кооперативдерге бириктирип, жаңы технологияларды колдонууга үйрөтөбүз. Аларга төмөнкү пайыз менен насыя берип, өнүккөн өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбаларын изилдөөгө, алар менен алака түзүп иштөөгө үйрөтөбүз. Ошондой эле биз Айыл-чарба министрлигинин ишин эффективдүү аткаруусун талап кылып, айыл-чарбанын башкаруу системасына реформа жасайбыз”, – деди Алимбеков.
Ош шаарында өткөн эл менен жолугушууга “Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жыргалбек Саматов, Нурлан Сулайманов, Салайдин Айдаров, Мирлан Акматбеков, Кубанычбек Нурматов, Ахрор Иминов жана Макен Асанов ж.б. партиянын мүчөлөрү катышты.
Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 30.09.2020)