www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев мурдагы транспорт министри учурда министрликтин ишине кийлигишип жатканын билдирди. Бул тууралуу парламенттин 28-июлдагы отурумунда транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурлан Кайынбаевге суроо берип жатып айтты.
Сыдыгалиевдин айтуусунда, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун Жумгал районундагы 70 км "Эпкин-Баш-Кууганды" жол тилкесин салуу боюнча тендердин создуктурулуп жатканына мурдагы транспорт министри себепкер.
"Силер банкка көз каранды эмессиңер, силер мурда иштеп кеткен экс-министрге көз карандысыңар. Ошолор министрликке кийлигишип жатабы? Алар качан кийлигишпей калганда анан оңолосуңар. Аны баары жакшы билет, атын, фамилиясын айтпай эле коеюн, баары билет. Ким кийлигишип жатканын жакшы билем", - деди ал.
Министрдин орун басары тендерге эч ким кийлигишпегенин айтты.
Белгилей кетсек, Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурлан Кайынбаев "Эпкин-Баш-Кууганды" жолун салуу боюнча өткөн тендерге катышкан компаниялардын финансылык сунушу 28-июлда каралып, Азия өнүктүрүү банкына жөнөтүлөт.
Тендердин жыйынтыгы 20-августка чейин чыгышы мүмкүн.
Эске салсак, 2018-жылы өткөн тендерди италиялык Todini Costruzioni Generali Company ишканасы утуп, жолду 2021-жылы колдонууга бериш керек болчу. Бирок үч жылда болгону 9% жумушту аткарган. Мындан улам кыргыз өкмөтү италиялык компания менен келишимди 2020-жылы 1-декабрда үзгөн. Андан бери сегиз ай өткөнүнө карабай жолду сала турган компания тандала элек.
Булак: NazarNews.kg