www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Японияда ысыктан 23 адам каза болду

Акыркы жумада Японияда абанын температурасынын жогорулашынан улам 23 адам каза болду. Бул тууралуу аталган өкөнүн өрт жана табигый кырсыктарды башкаруу агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-25-июль күндөрү ысыктан улам 8122 адам ооруканага түшкөн. Алардын 23ү каза болуп, үч миңден ашыгы оор абалда.

Эске сала кетсек, ооруканага жаткырылгандардын жарымынан көбү 65 жаштан жогору, 2627си 18-64 жаштагылар ал эми 800ү 17 жашка чейинкилер.

Адистер температура 28 градуска жеткенде желдетүүчү шаймандарды иштетүүнү сунушташат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости