www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын милдетин убактылуу Нурбек Сыдыков аткарууда. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин буйругу менен Нурбек Сыдыков Жалал-Абад ОИИБдин башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалган.
Ал ушул жылдын апрель айынан бери ОИИБдин башчысынын орун басары болуп эмгектенип келе жаткан. Ага чейин Ноокен РИИБди жетектеп келген.
Нурбек Сыдыков 1974-жылы Сузак районунун Кара-Дарыя айылында туулган. Ички иштер органдарында 1995-жылдан бери эмгектенип келет.
Иш тажрыйбасы:
- 1991-1995-жылдары — ИИМдин Бишкектеги жогорку мектебинин курсанты;
- 1995-2002-жылдары — Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук опер өкүлү;
- 2002-2015-жылдары — Ош ШИИБдин №1 шаардык милиция бөлүмчөсүнүн, баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн, Төлөйкөн шаардык милиция бөлүмчөсүнүн, шаардык №2 Ак-Буура милиция бөлүмчөсүнүн жана коомдук коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси;
- 2015-2016-жылдары — Жалал-Абад ОИИБдин коомдук коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси;
- 2016-2017-жылдары — Сузак РИИБдин жетекчиси;
- 2017-2018-жылдары — Ош ШИИБдин милициянын кайгуул күзөт кызматынын улук инспектору;
- 2018-2019-жылдары Ош ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын жетекчиси, Ноокен РИИБдин жетекчиси болгон.
Булак: NazarNews.kg