www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нурболот Үсөнбаев:

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жалпы калкынын 20%ы гана санитардык эрежелерди аткарууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө эпидкырдаал туруктуу боло баштаганы менен коронавирус жуктуруп алган учурлар катталууда.

"Казакстандын жалпы калкынын 60%ы санитардык талаптарды сактоодо. Ал эми Кыргызстандын жалпы калкынын 20%ы эле бет кап тагынып, социалдык аралыкты сактоодо. Баарыңыздарды санитардык талаптарды аткарууга чакырат элем", - дейт ал.

Үсөнбаев өлкө боюнча 1 миң 819 орундук даярдалганын, анын 409у учурда иштеп жатканын белгиледи.

"Эгерде абал курчуп кетсе, калган бош орундуктар жумушка тартылат", - деп айтат министрдин орун басары.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости