www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чаткалда коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 7-майдагы онлайн жыйында билдирди.

Анын айтымында, 7-майга карата Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда коронавирус жуктуруунун 16 учуру катталган. Алардын ичинен 13 адам сөөк коюу учурунда жуктуруп алган.

«Алыскы райондо маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өткөн, ал жакка Бишкектен адамдар барган. Арасында коронавирус менен ооругандар бар болгон. Ушинтип тарап кеткен, бир себептен 13 адам коронавирус жуктуруп алган“,- деп белгиледи Үсөнбаев.

Азыркы тапта алар менен байланышта болгон адамдар көзөмөлгө алындыганы айтылды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости