www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус инфекциясын бекем тартип менен жеңүүгө болот. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Ал Республикалык штабдын, медиктердин эскертүүсүнө, талабына карабай массалык иш-чаралар, той-аштар токтобой жатканын белгиледи.

«Эпидиомологиялык кырдаалды көзөмөлгө алуу үчүн аракеттер күч. Дары-дармектин камы толтурулду. Медиктер дагы даяр. Коронавирус менен күрөштө кыргыз мединицасы бир топ алдыга жылды. Бирок, бул чоң күрөштүн бир эле тарабы. Өнүккөн өлкөлөр дагы эң башкысы катуу тартип экенин айтып жатышат. Тартип менен алар вирусту жеңип мактанып олтурат. Бизде болсо той-аштар токтобой койду. Бет капты эч ким тагынбай жатат. Бул өтө жакшы эмес жагына алып келерин эске салып коюш керек болуп жатат», — дейт министрдин орун басары.

Нурболот Үсөнбаев алдыда чоң сыноо турганын эскертти.

Нурболот Үсөнбаев - "Вируска каршы чогуу күрөшсө гана жеңе алабыз. Ооруп калыптыр деп эле ооруканаларды толтуруп жатып алган туура эмес. Оорубаганга аракет кылгыла".

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости