www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжан армиясы жерлерин басып алуудан куткаруу үчүн баштаган операцияларда басып алынган Агдере облсунун Мадагиз аймагындагы кээ бир стратегиялык дөңсөөлөрдө көзөмөлдү колго алды.

Азербайжан коргоо министрлигинин билдирүүсүндө фронттун түрдүү багыттарында кагылышуулардын түнү менен да улантылгандыгы билдирилди. Билдирүүгө караганда Жабраил -  Фузули багытында Азербайжан армиясы Армения армиясын чегинүүгө мажбурлады жана алдыга карай жылды.

Муров тоосу багытында да абал Азербайжан армиясынын көзөмөлүндө. Агдере облусунун Мадагиз аймагында кээ бир стратегиялык дөңсөөлөр баскындан куткарылды. Бул тууралуу ТРТ басылмасы жазды.

Түнү менен да улантылган кагылышууларда Армения армиясынын 5 зооттолгон унаасы менен көп сандаган аскери зыянсыздаштырылды.

Басып алынган аймактарга Армениядан алып барылган ыктыярдуулардын кагылышуу катуу болгондуктан жана оор жоготууллардан коргонуу менен согушууну четке каккандыгы билдирилип, кагылышуулардагы ийгиликтер менен түрдүү багыттардагы позицияларды куткаруу Азербайжан аскерлеринин жогорку согушуу рухун жана жеңишке жетишүү чечкиндүүлүгүн дагы да бекемдегени билдирилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости