www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова пресс-конференцияда шайлоочуну №2 формасы боюнча каттоодо туура эмес участкаларга туш болуп калган жөнүндө арыздар көп түшкөнүн айтты.

Анын айтымы боюнча, №2 формасы боюнча бир эле адам 20 жолудан ашык арыз берген учурлар катталган.

“Шайлоо комиссияларына чоң жүк түштү, балким мындай учурлар болгон. Туура эмес даректе катталган шайлоочулардан кечирим сурайбыз” – деди төрайым.

Шайлоочу катталган жеринен эмес, башка жерден добуш бергиси келсе, анда  №2 форма боюнча арыз берет. 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого 441 010 шайлоочу №2 формасы менен шайлайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости