www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 6-августта Каракол шаарына болгон иш сапарынын алкагында аймактагы бир катар курулуш объекттерин кыдырып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Министр реконструкцияланып жаткан Каракол шаардык тарыхый музейин, эл аралык деңгээлдеги спорттук шаарчанын курулушун жана борбордук сейил бактагы реконструкция иштерин текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Нурдан Орунтаев курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, бардык иштерди курулуш нормаларына жана техникалык талаптарга ылайык жүргүзүүнү, ошондой эле объектилерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.

Учурда Караколдун Кашка-Суу кичи районунда 12 гектар аянтты ээлеген заманбап спорттук шаарча курулуп жатат. Долбоордун алкагында 275 орундуу спорттук интернат, көп функциялуу спорт комплекси, олимпиадалык стандарттагы бассейн жана 200 орундуу мейманкана салынууда.

Ал эми Каракол шаардык тарыхый музейинин реконструкциясы ушул жылдын март айында башталган. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын жалпы наркы 159 миллион сомду түзөт. Учурда музейдин ички бөлүгү жаңыланып, инженердик тармактары заманбап талаптарга ылайык модернизацияланууда.

Тарыхый-маданий мурас катары анын архитектуралык өзгөчөлүгү сакталууда.
Министр ошондой эле борбордук сейил бактагы реконструкция иштеринин соңку этабын текшерди.

Жалпы аянты 7,5 гектар болгон сейил бакта жаңы аттракциондор орнотулуп, коомдук тамактануу жайлары курулуп, шаар тургундары менен коноктору үчүн заманбап эс алуу шарттары түзүлүүдө.

Иш сапарынын соңунда Нурдан Орунтаев Ак-Суу районундагы «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа курортунда курулуп жаткан башкы суу алуучу курулманын, ичүүчү суу резервуарларынын жана башка инфраструктуралык объекттердин курулуш иштеринин жүрүшү менен да таанышты.

Последние новости