www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 1-июнунан 1-августуна чейин Ысык-Көл облусунда жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын аткарууну көзөмөлдөө боюнча масштабдуу рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан мыйзам бузууларды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу максатында эс алуу жайлары, туристтик объектилер, ошондой эле Ысык-Көлдүн суу коргоо аймагындагы башка чарбалык ишмердүүлүк жүргүзүлгөн жайлар текшерилди.
Рейддердин жыйынтыгында 185 административдик протокол түзүлүп, жалпы 2 млн 94 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары, пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн негизинде дагы 57 административдик протокол түзүлүп, 818 миң сом өлчөмүндө айып пул өндүрүлдү.
Ошондой эле Балык ресурстарын коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 17 административдик протокол түзүлүп, мыйзам бузгандарга 17 миң сом айып салынды. Суу биологиялык ресурстарына келтирилген зыян үчүн 4 миң 40 сом өлчөмүндө доо коюлду.
Министрликтен белгилешкендей, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жаратылыш ресурстарын коргоо жана экологиялык мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча көзөмөл иштери мындан ары да улантылат.