www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда салык мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү мыйзамга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 2026-жылдын 6-августунда кол койду.
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, өзгөртүүлөр салык системасын өркүндөтүүгө, Салык кодексиндеги айрым карама-каршылыктарды жоюуга жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Жаңы мыйзамга ылайык, Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери үчүн 5 жылдык мөөнөткө бирдиктүү салыктын ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө белгиленди.
Ошондой эле кызмат көрсөтүүчү субъекттер үчүн бирдиктүү салыктын жаңы ставкалары киргизилди. Ага ылайык, сауна жана мончолор үчүн салык ставкасы 5 пайызды түзөт. Коомдук тамактануу тармагында Бишкек жана Ош шаарларында 5 пайыз, ал эми өлкөнүн башка аймактарында 3 пайыздык ставка белгиленди.
Бул өзгөртүүлөр 2027-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.
Мындан тышкары, жаңы курулган турак жана турак эмес жайларды сатуу менен алектенген субъекттер үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы төлөө формасына карабастан 4 пайыз өлчөмүндө бекитилди.
Мыйзамда 2026-жыл үчүн кыймылсыз мүлк салыгы боюнча автоматтык түрдө эсептелген милдеттенмелерден улам пайда болгон туумдарды эсептебөө каралган.
Ошондой эле жөнөкөйлөштүрүлгөн салык системасын колдонгон ишкерлерге 2026-жылдын 1-октябрына чейин жалпы салык режимине өз ыктыяры менен өтүү мүмкүнчүлүгү берилди.
Мындан тышкары, айрым тармактардагы ишкерлер үчүн салык карыздарын эсептен чыгаруу боюнча жеңилдиктер каралды. Анын ичинде айыл чарба жаныбарларын экспорттоодо пайда болгон салык карызынын негизги бөлүгүнүн 97 пайызы жана эсептелген туумдар менен санкциялардын 100 пайызы белгилүү шарттарды аткарганда эсептен чыгарылат.
Көмүр казып алуу тармагындагы ишкерлер үчүн да 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгилде эсептелген туумдар жана санкциялар салык карызы толук төлөнгөн шартта жоюлат.
Мыйзам менен товарларды ташууда колдонулган транспорт каражаттарын конфискациялоо тууралуу норма да алынып салынып, анын ордуна дифференцияланган айып пулдар киргизилди.
Мамлекеттик салык кызматы белгилегендей, киргизилген өзгөртүүлөр салыктык башкарууну жакшыртууга жана ишкердик чөйрөнү өнүктүрүүгө багытталган.