www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» медиадолбоорунун алкагында иш графиги жана күнүмдүк ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.
Министрдин айтымында, өлкөнүн аймактарына үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн иш сапарлардын көптүгүнөн улам кээде унаада түнөөгө да туура келет.
«Атүгүл машинеде түнөгөн учурлар болот. Себеби бир жуманын ичинде бир эле учурда бир нече облустагы объекттерге чыгууга туура келет», — деди ал.
Ошондой эле «Биринчи радионун» таңкы түз эфиринен кийин министр өзүнүн иш бөлмөсүн көрсөтүп, журналисттерди өлкө боюнча курулуп жаткан курулуш объекттерин онлайн режиминде көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берген санариптик система менен тааныштырды.
Министр белгилегендей, бул система аркылуу республикадагы курулуштардын жүрүшүнө реалдуу убакыт режиминде мониторинг жүргүзүлөт.