www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Asman Airlines» авиакомпаниясынын Раззаков шаарына багыт алган учагы техникалык себептерден улам кайрадан Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ААКсы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 9-июль күнү эртең менен болгон.

«Учак ийгиликтүү конду. Бирок рулеждик жолдо атайын сүйрөгүч техника менен токтотулган жайга жеткирилди», — деп билдиришти компаниядан.

Учурда окуянын себептери такталууда.

Эске салсак, 7-июль күнү күндүз «Манас» эл аралык аэропортунда Бишкек–Ош багыты боюнча Tez Jet авиакомпаниясынын каттамына даярдык көрүлүп жаткан учурда авиациялык кырсык катталган.

Учак учуп чыгуу тилкесинде ылдамдык ала баштаганда McDonnell Douglas MD-83 үлгүсүндөгү учактын сол жаккы шассисинин таянычы сынып кеткен. Натыйжада экипаж учакты шашылыш түрдө аз ылдамдыкта токтотууга аргасыз болгон. Андан соң учак сол канатына жөлөнүп калып, күйүүчү май сыртка агып чыккан.

Последние новости