www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2–5-июль күндөрү Москва шаарында өткөн «Maxima Master’s Eurasia» Кубогунун алкагында ат спорту боюнча конкур мелдештери уюштурулду.

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Мелдеште спортчулар 60 сантиметрден 150 сантиметрге чейинки тоскоолдуктар коюлган маршруттарда күч сынашты. Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы жалпы 34 медаль багындырды.

Кыргызстандын атынан сегиз спортчу катышып, төмөнкүдөй жыйынтык көрсөтүштү:

- Ринат Галимов — 7 алтын, 1 күмүш жана 2 коло (жалпы 10 медаль);
- Андрей Тряпицин — 2 алтын;
- Камиль Сабитов — 5 алтын жана 4 күмүш;
- Анна Белюсенко — 2 алтын;
- Луиза Галимова — 3 алтын жана 3 күмүш;
- Полина Потапова — 1 күмүш;
- Айзирек Кочкорова — 1 алтын жана 1 коло;
- Богдан Стрельников — 1 алтын жана 1 күмүш медаль.

Последние новости