www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) өзгөчө кооптуу синтетикалык баңгизаттарды Кыргызстанга ташып келип, сатуу менен алектенген эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койгонун билдирди.
Атайын операциянын жүрүшүндө кылмыштуу топтун үч мүчөсү – 1999-жылы туулган Ю.С.Б., 1999-жылы туулган Б.У.А. жана 2008-жылы туулган М.А.О. кармалды.
УКМКнын маалыматына ылайык, шектүүлөрдүн автоунаасын кароо учурунда болжол менен 1 килограмм синтетикалык баңгизат табылган. Ал эми алардын жашаган жерлерин тинтүүдө дагы 1 килограмм 405 грамм ар түрдүү синтетикалык баңгизат алынган.
Мындан тышкары, синтетикалык баңгизаттарды сактоо үчүн колдонулган 60тан ашык жашыруун жай аныкталып, алардан дагы 3 килограмм 335 грамм баңгизат алынган.
Жыйынтыгында жалпы салмагы 5 килограмм 740 грамм синтетикалык баңгизат мыйзамсыз жүгүртүүдөн чыгарылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, бул көлөм 20–25 миң бир жолку дозага барабар.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, алынган баңгизаттардын көмүскө базардагы болжолдуу баасы 30 миллион сомдон ашат.
Учурда кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн жана баңгизаттарды жеткирүү каналдарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.