www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кумтөр" сырткы башкарууга өткөндөн кийин деле алтын ылгоочу фабрика, тоо-кен өндүрүш, техникалык тейлөө сыяктуу бөлүмдөрдүн бардыгы штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу "Кумтөр голд компани" ишканасынын өндүрүш боюнча директорунун милдетин аткаруучу Нурдин Үсөнов билдирди.

Ал башкаруу жаатында гана бир аз өзгөрүү болгонун белгиледи.

"Тышкы башкарууга өткөнү башкача иштеп жатабыз. Мурда англисче сүйлөсөк азыр кыргызча, орусча сүйлөшүп калдык. Кыргыздар эле келди да, мисалы, Теңиз Бөлтүрүк мени институтта окуткан агайым болчу. Эмгек жамааты баарына түшүнүү менен мамиле жасап жатат. Башка өзгөрүү жок, адистер өз ордунда иштеп жатат, алар көп жылдык тажрыйбасы бар кадрлар", — деди Үсөнов.

Ошондой эле ал алтын өндүрүү, сатуу процесси да мурдагыдай эле процедура менен жүрүп жатканын белгиледи.

"План боюнча кенде күнүнө 585 миң тонна тоо тектери казылат, анын ичинен 18 миң тоннага чукулу алтын кошулмасы бар руда. Бир күндө фабрикада 35-40 килограмм (1200 унций) таза алтын ылганып чыгууда. Муну 1880 доллардан сата турган болсок, 70 миң доллардын тегерегинде болот", — деди өндүрүш боюнча директордун милдетин аткаруучу.

Мындан сырткары, Үсөнов кызматкерлердин маяналары кечиктирилбегенин, план боюнча кечээтен баштап берилип жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн кыргыз өкмөтү жана Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссия алтын кенге ЖМК өкүлдөрүн алып барган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости