www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңеште Конституциянын жаңы долбоору каралууда. Анда депутат Бейшенаалы Нурдинов долбоорду кароодо шашпоо зарылдыгын айтты.

"Ушул жерде түшүнүксүз жыйын өтүп жатканын түшүнүп жатам. Конституциялык кеңешме жумушчу топ экенин айтты. Биз бул долбоордун ээси болгондон кийин кандай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү өзүбүз билебиз да. Азыр жашоо турмуш өзгөрүп кетти. Мурун президент, премьер-министр камалат деген түшүнүк жок эле. Азыр баары камалып жатат. 2021-жылы кабыл алынган Конституцияны кабыл алып берип койдуңар деп кийин күчтүү бийлик келсе депутаттардын бардыгын камап койбосун. Биринчи кароого эки ай берилсе ошол убакта карап чыгалы. Өзүнүн нормасы менен карайлы. Кийин суроо болот. Мурунку Конституцияны Текебаев жазган деп күнөөлөшкөндөй, бизди да күнөөлөшөт. Конституцияда жазылгандын баарын аткаралы. Шашып жатабыз, бул туура эмес. Мүмкүн өкмөт, президент үчүн туура, биз үчүн туура эмес. Шайлоо учурунда референдум өткөрө турган болсок жергиликтүү кеңештин шайлоосун жылдыралы. Келечек үчүн...", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости