www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызтандагы белгилүү ырчы Курал Чокоевдин алып баруусундагы шоу-программасы коомчулукта катуу калкуу жаратты. Бул боюнча айрымдары маданиятыбыз менен каада-салтыбызды унутуп, такыр эле Батышчыл болуп кеттик деген пикирлерин айтышууда. Бирок, чынында эле акыркы жылдары кыргыз эстрада жылдыздары маданиятка көңүл бурбай, ырчылык өнөр менен кыргыздын каада-салтын, үр-адатын дүйнө жүзүнө таанытууга салым кошуунун ордуна жеке кызыкчылыктын пайдасына ооп кеткендей элес калтырат.
Коомчулуктагы талкуу жараткан маданият тармагындагы элди дүрбөлөңгө салган окуя тууралуу коомдук ишмер Нургазы Мусаев да өзүнүн пикири менен бөлүштү.
«Гитлер СССРди талкалоо үчүн «Советтер өлкөсүндө алкоголь жана массалык маданиятты пропаганда кылуу керек» деп тапшырма берген. Биз массалык маданиятты, башкача айтканда, поп-маданиятты пир тутуп отуруп, ушуга келдик. Тойго кара күү черткен комузчуну чакырган бир кыргыз таппайсың.
Куралга окшоп калжандагандарга долларлап төлөп беребиз, жарым жылаңач кыздарды бийлетип, улуу, кичүү бирдей кол чаап отурабыз. Уят сөз менен ашатып сөгүп ырдаган ырчылар, жалжаке маскарапоздор дайыма болгон. Артис калктын табияты ошондой.
Кыргыз негизи буларды жактырган эмес, улагадан жогору өткөрбөгөн. Биз төргө чыгарып алдык. Төргө чыгаргандарыбыз элге эмне деген руханий байлык берип жатат. Булардын ыры элди өлтүрүп жатабы, өстүрүп жатабы, муну анализ кылган адам жок. Союз артис калкын катуу цензурада кармачу. Бирок сахна артында ошол эле артисттик жашоо кечирген булар.
Биздин милдет - элибизде көркөм табитти тарбиялоо. Бул эч кимди ойлондурбай калды. Мамлекеттик каналдардын прайм тайм убактыларын калжандаган жалжаке шоумендерге салып бердик. «Кыргыз керемети» болгон кино тармагыбызды тамашоучуларга талкалаттык.
Бу артис калкы өзү ушундай болот. Буларды умрага, ажыга алып барып деле оңдой албай койгонбуз. Болгону менталитетке туура келбеген продукцияларды чыгаруусуна катуу каршы турушубуз керек. Болбосо ата-энеси менен уят сөздөрдү ата, апа дегендей аралаштырып сүйлөй берген орустардай нарксыз, уятсыз эл болобуз.
Куралдын тобу легендарлуу «Сүрөтүңө» ырын жакшы музыкалаштырышыптыр. Ошону угуп койгула. Артис калкын талкуулап көп нерв коротпогула. Алардын болушу ошол. Көзү өтүп кеткен залкар артисттерибиздин басымдуу бөлүгү да алкаш, катынпоз, журоноок калк болгон. Азыркылардын көпчүлүгү деле ошол», - дейт Нургазы Мусаев.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg