www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Нургазы Мусаев президент “Сооронбай Жээнбековдун Жеңиш парадына катышпай калганы бул уят, дүйнө жүзүнө уят болдук” дегендерге жооп кылып, билдирүү жазып чыкты.  

“Президентибиз менин пикириме муктаж деле болбосо керек, бирок өлкөнүн жараны катары бир ойду айтып коеюнчу.

Кеп Москвадагы парад жөнүндө. Парад тарыхый, саясий, керек болсо геосаясий окуя, “Азаттыкчы” Ыдырыс Ысаков айткандай, чоң саясат.

Бул жагынан алганда, канчалык чоң даражадагы коноктор келсе, СССРдин мураскору болгон Россия Президенти Путин үчүн ошончолук жакшы, ошончолук авторитет, ошончолук салмак.

Тилинде тормозу жок айрым мекендештерим Путин Жээнбековду парадга киргизбей койду, андай болду, мындай болду деп жатышат.

Делегациядан короновирус чыгып калгандан кийин, Президентибиз парадга катышпоо чечимин кабыл алды. Анткени трибунада баарыбызга таберик болуп калган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери ийинге ийин тийишип, президенттер менен катар отурат. Ушундай жагдай болуп калгандан кийин, массалык иш-чаралар, жолугушууларга катышуунун өзү туура эмес болуп калмак.

Президент туура чечим чыгарды.

Бул жактан чыкпаган короновирус тиги жактан чыгып калганы бул балакеттин табышмактуулугунда болуп жатат. Сырын медицина биле албай тургандыгында болуп жатат. Бул вирус адамзатка дагы кандай "сюрприздерди" тартуулайт, аны эч ким билбейт. Көзгө эмес, анча-мынча микроскопко да көрүнө бербеген бул макоо вирус эртең мынча адамга жугат, аркы күнү мынча адамга жугат деп болжолдоо да кыйын экен.

"Той болду, тойдун эртеси да болду" дегендей, парад бүттү. Эми тириликти ойлонолу. Россия менен биздин кыйла оокатыбыз чогуу, "8-облусубуз" Москвада дегендей, турмушубузду уланталы. Быйыл Кыргызстан, Россия кайчылаш жылы эмеспи. Президенттерибиз али көп жолугушат. Дагы көп той-топур, жакшылык бар дегендей, парадга катышпай калды да деп кыжаалат боло бербейли. Кантсе да Президентибиз башка айрым мамлекет башчыларындай болуп, "самолетум бузулуп калды эле", "табым айнып калды эле", “үй ичим тынч болбой атат" дебей, Маскөөгө барып, көз көрсөтүп койгону жакшы болду”,-деп жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости