www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин алгачкы эс алуусу кандай болгону, баарына кызык болуп, сүрөттөрдү коомчулук чыдамсыздык менен күттү эле. Көптөн күткөн сүрөттөр интернетте пайда болуп элдин сынына койулгандан тарта сындар көп болуп кетти.

Ошол сындарга өзүнүн бейтарап көз карашын журналист Нургазы Мусаев төмөнкүдөй билдирди:

“Эми мындай да, алтындарым. Спортивка кийип албаптыр да деп эки күндөн бери эле кыжаалат болуп жатабыз. Атамбаевди болсо бир эле спортивкасы бар экен деп 3 күн эрмектедик эле. Азыркы Ажобуз пиарщик-миарщик ээрчиткенди көп эле жактыра бербейт. Путин, Медведевдерге окшоп панама кийип алып, балык уулабайбы деп жатасыздар. Президенттер эс алууда өз улутунун эс алуу жөрөлгөсүн чагылдырышат эмеспи. Орустардыкы ошондой. Берки улуттук ичимдигинен шыңгытып алып, ой да эс алышат. А биздики башкача. Кыргыздар Көлгө түшкөн эмес негизи. Жөн гана четине басып барып суктанып: "Жаткан экенсиң, касиеттүү Көлүм!" - деп кайра тарткан. Жээнбеков деле ошентти окшойт.Анын үстүнө "Хан денесин көрсөтпөйт" деген эзелки накыл бизде дале күчүндө”-дейт Нургазы Мусаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости