www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаровду ишендирип, алдап, пайдаланып, үй-бүлөсүн байыткысы келгендердин бара турган жери - түрмө! Мындай пикирин журналист Нургазы Анаркулов билдирди.
"Динара Кутманова бийлиги жок кезинде жаратылышка күйгөн, адилеттүү аялзаты болчу. Эл алдында бирди сүйлөп, иш жүзүндө жеке керт башынын, чөнтөгүнүн камын көрүп жүргөнү министрдик дооронун сүргөн кезинен улам билинди.
Ажонун башкы максаты - мамлекеттүүлүктү бекемдөө. Эгерде ал боору ооруп же "кечээ мени колдоп жүргөн.."- деп кутуруп кеткен туугандарына, жакындарына, Кутмановага окшогон кечээки колдоочуларына ырайым бере берсе мамлекет эртең жок болот.
Жада калса инисин коргогон жок. Баарына шарт бир, бул мыйзамдуулуктун сакталышы. Ажонун бул жааттагы аракети колдоого ала турган нерсе.
Анын ой-максаттарын астыртан туюп билген укук коргоо жана коопсуздук орган жетекчилерине дагы ыраазычылык!
Күчтүү Кыргызстан үчүн!", - деп билдирди Нургазы Анаркулов.
Белгилей кетсек, буга чейин жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мурдагы министри Динара Кутманова кармалган.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан Жаратылыш ресурстары министрлигиндеги бир катар коррупциялык фактылардын негизги буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында шыктандыруучусу жана башкы уюштуруучусу болгон экс-министр Д.А.Кутманова кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далилдердин, анын ичинде коррупциялык схемалардын башка катышуучуларынын көрсөтмөлөрүнүн негизинде, ошондой эле экс-министрдин жана башка айыпталуучулардын катышуусунда беттештирүүнүн жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталды.
Булак: NazarNews.kg