www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Кытай-Түштүк Африка мамилелерин мындан ары да жогорку деңгээлге көтөрүүгө жана жаңы багыттарда кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин КПК Борбордук Комитетинин Тышкы иштер комиссиясынын кеңсесинин башчысы Ван И 24-июлда Йоханнесбургда Түштүк Африка Республикасынын тышкы иштер жана кызматташтык министри Наледи Пандор менен жолугушууда билдирди. Бул тууралуу NazarNews маалыматтык агенттигине Кытайдын CCTV plus агенттиги маалымдады.
Жолугушууда Ван И БРИКС механизми өнүгүп келе жаткан рынок өлкөлөрү менен өнүгүп келе жаткан ири өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн ортосундагы диалогду жана кызматташтыкты бекемдөө үчүн эң маанилүү аянтча, ошондой эле Глобалдык түштүктөгү эң маанилүү стратегиялык байланыш каналы экенин айтты.
“Уюмдун БРИКС 15-саммитинин төрагасы катары Кытай Түштүк Африканы толугу менен колдойт жана тиешелүү өлкөлөрдүн БРИКС кызматташтыгына кошулуу боюнча күчтүү каалоолоруна жигердүү жооп кайтарат”,-деп белгиледи Ван И.
Ошондой эле ал, мындай кызматташтыкты дагы да чыңдоо, көп тараптуулукту ишке ашыруу жана белгисиздиктерге толгон дүйнөгө көбүрөөк стабилдүүлүк алып келүү үчүн аракеттерди көрүүгө чакырды.
Пандемиядан кийинки доордо эки тарап Кытай-Түштүк Африка ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүнүн сапатын жакшыртуу, анын масштабын кеңейтүү жана мазмунун тереңдетүү үчүн биргелешип иштеши керек. Ошентип ал өнүгүп келе жаткан өлкөлөр ортосундагы тилектештиктин жана кызматташтыктын үлгүсү катары кызмат кыла бериши керектигин баса белгиледи.
“Кытай Түштүк Африка менен бири-бирин колдоону улантууга, “Бир алкак жана бир жол” демилгесинин Түштүк Африканын Экономикалык калыбына келтирүү планы менен интеграциясына көмөктөшүүгө жана негизги кен байлыктары, санариптик экономика, таза энергетика, жаратылышты коргоо, деңиз ресурстарын өнүктүрүү жана жакырчылыкты кыскартуу сыяктуу тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө даяр”,-деди Ван.
Наледи Пандор өз кезегинде Түштүк Африка менен Кытайдын ортосундагы мамилелер мындан ары да жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын билдирди. Ал Кытайга анын өлкөсүнө жана башка африкалык өлкөлөргө COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө жана социалдык жана экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
“Өнүгүү жана өсүү үчүн маанилүү мүмкүнчүлүктөр БРИКС үчүн ачык жана Түштүк Африка БРИКС саммитинин жемиштүү жыйынтыгын камсыздоо үчүн Кытай жана уюмга мүчө башка өлкөлөр менен тыгыз кызматташууга даяр”,- деди Наледи Пандор.
Тараптар ошондой эле эки тарапты кызыктырган эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алышты.
Булак: NazarNews.kg