www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова «Казакстанда сот системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу: жетишкендиктер жана демилгелер» аттуу эл аралык тегерек столго онлайн катышты.
Бул иш-чара Казакстан Республикасынын Жогорку соту тарабынан ОБСЕнин Астанадагы программалык кеңсеси менен биргеликте уюштурулуп, сот системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерине арналган.
Нургуль Бакирова акыркы жылдардагы реформалар сот бийлигинин көз карандысыздыгын чыңдоого, соттордун ачык-айкындыгын жана отчеттуулугун жогорулатууга, алардын жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылууга, ошондой эле коомдун сот системасына болгон ишенимин арттырууга олуттуу түрдө көмөктөшкөнүн белгиледи.
«Адилеттиктин сапатын жогорулатуу – соттук реформалардын өзгөрбөс багыты. Сот системасы коомдун жашоосунда негизги ролду ойнойт, демократиянын жетилүү деңгээлин, коомдук жана мамлекеттик институттардын абалын аныктайт. Ушул контекстте коюлган максаттарга жетүүнүн жаңы жолдорун издөө өзгөчө мааниге ээ», – деп баса белгиледи Нургуль Бакирова.
Тегерек столдун ишине Борбор Азия өлкөлөрүнүн жогорку сот өкүлдөрү, Эл аралык сот башкаруу ассоциациясынын президенти Памела Харрис, эл аралык эксперттер жана окумуштуулар катышты.
Кыргыз Республикасынан бул иш-чарага Жогорку соттун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Бишкек шаардык сотунун судьясы, КР Судьялар кеңешинин мүчөсү Гулкайыр Алиева жана Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин окутуучусу Чынара Мусабекова катышты.