www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Глобалдык ысуу деген эмне?
Глобалдык ысытуу – бул Жердин орточо температурасынын жогорулашы. Бул табигый процесс болгону менен, акыркы 150 жылда ал кескин тездеди. Негизги себеп – өнөр жай революциясынан бери көмүр, мунай жана газ сыяктуу казылып алынуучу отундарды массалык түрдө пайдалануу. Бул атмосферада парник газдарынын топтолушуна алып келип, Жердин жылуулукту кармап калышына өбөлгө түзүүдө.
Климаттын өзгөрүшү глобалдык ысытуунун башкы натыйжасы. Бул процесс мөңгүлөрдүн ээришине, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө жана аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө алып келүүдө. Европанын Copernicus мониторинг кызматынын маалыматына ылайык, 2023-жылдын ноябрь айында дүйнөлүк орточо температура индустрияга чейинки деңгээлден 2°C жогорулады. Климатологдор 2023-жылды тарыхтагы эң ысык жыл деп жарыялашканын rg.ru жазып чыкты.
БУУнун акыркы баяндамасында эгерде азыркы тенденция улана берсе, XXI кылымдын аягына чейин Жердин орточо температурасы 2,5–2,9°C га жогорулашы мүмкүн экени айтылган. Бул 2015-жылдагы Париж климаттык келишиминде белгиленген 2°C чектен да жогору.
Климаттын өзгөрүшүнө төмөнкү факторлор таасир этет:
Көмүр кычкыл газы (CO₂) – эң башкы парник газы. Анын деңгээли 2020-жылга чейин индустрияга чейинки доорго салыштырмалуу дээрлик 50% өстү. Негизги себеби – көмүр, мунай жана газдын күйгүзүлүшү, токойлордун кыскарышы жана өнөр жай ишканаларынын иштеши.
Метан (CH₄) – бул газ көмүр кычкыл газына караганда күчтүүрөөк таасир берет. Негизги булагы – мал чарбачылыгы, күрүч өстүрүү, таштанды полигондору жана мунай-газ өндүрүү.
Азот оксиддери (NOₓ) – негизинен айыл чарбада колдонулган жер семирткичтерден бөлүнүп чыгат.
Фторланган газдар – муздаткычтарда, кондиционерлерде жана өнөр жай өндүрүшүндө колдонулат.
Ошондой эле табигый факторлор да таасирин тийгизет:
Күндүн активдүүлүгүнүн өзгөрүшү
Вулкандардын атылышы
Бирок, илимий изилдөөлөргө ылайык, XIX кылымдан бери Күндүн активдүүлүгү менен вулкандар глобалдык температуранын 0,1°C гана жогорулашына алып келген. Демек, азыркы глобалдык ысытуунун негизги себеби – адамзаттын ишмердүүлүгү.
Глобалдык ысуунун кесепеттери
Глобалдык ысуу климаттын өзгөрүшүнө алып келип, төмөнкү көйгөйлөрдү жаратат:
Деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү – мөңгүлөрдүн ээриши жана океандын кеңейиши жээк аймактарды суу каптоосуна алып келет.
Абанын температурасынын жогорулашы – узак мөөнөттүү кургакчылыктар көбөйүп, айыл чарбасына терс таасирин тийгизүүдө.
Өзгөчө аба ырайынын көбөйүшү – бороон-чапкындар, катуу ысыктар жана суу ташкындары барган сайын күчөп жатат.
Токой өрттөрүнүн көбөйүшү – кургакчылыктан улам токойлор бат күйүп, абанын булганышына алып келүүдө.
Экосистемалардын бузулушу – айрым жаныбарлар жана өсүмдүктөр ыңгайлашып үлгүрбөй, жоголуп кетүү коркунучунда турат.
Мисалы: Эсиңиздеби, сиз узак жолго унаа менен баратканда чиркейлердин калдыктары жабышып калса, учурда андай эмес.
Маселени чечүүнүн жолдору
Глобалдык ысытуу менен күрөшүү үчүн дүйнө жүзүндөгү өлкөлөр бир катар чараларды көрүүдө. Алардын негизгилери:
Кычкыл жаандар
Кычкыл жаан деген эмне?
Кычкыл жаан – бул абадагы кислоталуу кычкылтектердин булганышынан улам кычкылдуулугу жогору болгон жаан-чачын. Мындай жаандын курамында азот жана күкүрт кислоталары көп болот. Эгер таза суунун pH деңгээли 7 болсо, кычкыл жаандын pH көрсөткүчү 4-5ке чейин төмөндөйт. Кээ бир жаандар табигый түрдө да бир аз кычкылдуу болушу мүмкүн (pH 5тин тегерегинде), бирок өнөр жай ишмердүүлүгү абалдын начарлашына себеп болот.
Өтө кычкыл жаан-чачын негизинен өнөр жай ишканалары жана унаа кыймылы көп болгон аймактарда жаайт. Кычкыл жаан топуракка, өсүмдүктөргө, жаныбарлар дүйнөсүнө жана суу ресурстарына зыян келтирет. Ошондой эле имараттардын жана эстеликтердин тез бузулушуна алып келет.
Себептери
Кычкыл жаандын пайда болушу табигый жана антропогендик факторлордон көз каранды. Табигый себептерге вулкандардын атылышы жана өсүмдүктөрдүн чириши кирет. Ал эми адам факторлорунун ичинен эң негизгиси – өнөр жай жана транспорт ишмердүүлүгү. Күйүүчү майдын, көмүрдүн жана башка отундардын күйүшү азот жана күкүрт оксиддерин пайда кылат. Бул газдар атмосферадагы суу буусу менен аралашып, натыйжада күкүрт жана азот кислоталары пайда болот, алар жамгыр менен жерге түшөт.
Маселени чечүү жолдору
Кычкыл жаандын алдын алуу үчүн эң башкы чара – абага бөлүнүп чыккан күкүрт жана азот оксиддеринин көлөмүн азайтуу. Бул үчүн күйүүчү майларды пайдаланууну чектеп, атомдук, геотермалдык, күн жана шамал энергетикасын өнүктүрүү керек. Ошондой эле гидроэнергияны кеңири колдонуу абзел. Ар бир адам жеке деңгээлде унааны азыраак колдонуу, электр энергиясын үнөмдөө менен бул көйгөйдү азайтууга салым кошо алат.
Токойлордун азайышы
Токойлордун кыркылышы: статистика
Адамдар эзелтен эле токойлорду ар кандай максатта кыркып келишкен. Бирок акыркы жылдары токойлордун массалык түрдө жок болуп жатканына көбүрөөк көңүл бурула баштады. Азыр айрым өлкөлөрдө токой аянты жалпы жердин 30-40%ын гана түзөт. Кытайда бул көрсөткүч 20%дан бир аз жогору. 2001–2018-жылдар аралыгында дүйнөдө 3,6 миллион чарчы чакырым токой жок болуп кеткен. Бул Индиянын аймагынан да чоң. Бир жылдын ичинде дүйнө жүзү боюнча 25 миллион гектар токой кыркылып же өрттөлгөн. Азыркы учурда эң көп токой кыркылып жаткан аймак – тропикалык токойлор, бул аймактарда жолдор курулуп, айыл чарба иштери активдүү жүргүзүлүүдө.
Токойлордун жок болушу атмосферага көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын көбөйтөт, өсүмдүктөр менен жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн жок кылат. Токойлор жамгыр сууларын сиңирип алуу жана нымдуулукту сактоо функциясын аткаргандыктан, алардын жок болушу улам көбөйүп жаткан суу ташкындарына да себеп болууда.
Себептери
Токойлордун жок болуп жатышынын негизги себептери – массалык кыюу жана токой өрттөрү. Дүйнө жүзүндө кыркылып жаткан токойлордун жарымынан көбү болгону төрт нерсе үчүн пайдаланылат: уй эти, соя, пальма майы жана жыгач продукциялары. Адамдар жаңы айыл чарба жерлерин даярдоо үчүн чоң аянттагы токойлорду өрттөп же кыйып салышат. Соя өстүрүү, мал багуу жана пальма майы плантацияларын түзүү максатында токойлор жапырт жок кылынууда. Мындан тышкары, кымбат баалуу жыгачтарды мыйзамсыз кесүү дагы токойлордун азайышына алып келүүдө.
Маселени чечүү жолдору
Адистердин айтымында, токойлордун кыркылышын азайтуу үчүн айыл чарбаны экологиялык жактан туруктуу жол менен жүргүзүү керек. Ошондой эле токойлорду калыбына келтирүү иштерин активдүү жүргүзүп, өрттөлгөн же кыйылган аймактарга кайрадан бак отургузуу зарыл. Бул суунун жүгүрүүсүн жана топурактын структурасын калыбына келтирип, жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн сактоого жардам берет.
Токойлорду сактоо үчүн ар бир адам кагазды үнөмдүү колдонуп, пальма майы кошулган азыктардан баш тартып, экологиялык жактан туруктуу жол менен алынган жыгач продукцияларын сатып ала алат. Бирок бул глобалдык көйгөй болгондуктан, аны биргелешип чечүү керек. 2020-жылы өткөн БУУнун климаттык конференциясында 100дөн ашуун мамлекет 2030-жылга чейин токойлорду кыюуну токтотууга убада беришкен.
Учурдагы дагы бир коркунучутуу абал деңиздердин көз жаздымда тартылып жатканы. Акыркы аптада бул көрүнүш дүйнө илимпоздорунун башын катырып жатат. Тилекке каршы, адамзат жаратылыштын алдында алсыз экендигин көрсөтүүдө, азырынча көпчүлүк этибар ала элек.
Чөлгө айлануу жана топурактын деградациясы
Чөлгө айлануу деген эмне? Статистика жана божомолдор
Чөлгө айлануу – бул кургак аймактарда биологиялык өндүрүмдүүлүктүн төмөндөшү. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө кургак аймактардын үлүшү 40% ашат. Бул жерлерде 2 миллиарддан ашык адам жашайт жана дүйнөдөгү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үчтөн бири өстүрүлөт. Бирок дал ушул аймактар чөлгө айланууга эң көп дуушар болушат. Бир кезде түшүмдүү болгон топурактар климаттын өзгөрүшү жана адам факторунан улам деградацияга учурап, эрозияга кабылып жатат.
Бүгүнкү күндө 100дөн ашык өлкө чөлгө айлануу коркунучунда турат. Европа комиссиясынын маалыматына ылайык, 2018-жылга чейин Жер шарындагы топурактын 75% деградацияга учураган. 2050-жылга карата бул көрсөткүч 90% жетиши мүмкүн. Айрыкча Индия, Кытай жана Сахаранын түштүк жагындагы Африка өлкөлөрүндө топурактын бузулуусу айыл чарба өндүрүшүн эки эсе азайтышы ыктымал.
Себептери
Чөлгө айлануунун жана топурактын деградациясынын негизги себептери төмөнкүлөр:
Тоо-кен өнөр жайынын өнүгүшү
Айыл чарба жана мал чарбачылыгынын жогорулашы
Токойлордун кыйылышы
Топурактын ашыкча пайдаланылышы жана жер семирткичтердин терс таасири
Климаттын өзгөрүшү жана кургакчылыктын көбөйүшү
Маселени чечүү жолдору
1994-жылы БУУ Чөлгө айланууга каршы күрөшүү боюнча конвенцияны негиздеген. Анын алкагында 120дан ашык мамлекет айдоо жерлерин коргоо, топуракты калыбына келтирүү жана сууну натыйжалуу башкаруу боюнча милдеттенмелерди алган.
Илимпоздор чөлгө айлануу жана глобалдык ысыкты байланыштырып, көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын азайтуу боюнча чараларды сунушташат. Ошондой эле жергиликтүү деңгээлде:
"Туз капкычтарын" колдонуу – бул суунун жоголушун токтотуп, туздардын топуракка чыгып кетүүсүн алдын алат.
Айыл чарба өсүмдүктөрүн кезектештирүү – топурактын ашыкча пайдаланышынан сактоого жардам берет.
Жел эрозиясын азайтуу үчүн токой тилкелерин отургузуу – шамалдын күчүн азайтып, топуракты сактоого өбөлгө түзөт.
Айлана-чөйрөнүн булганышы, анын ичинде пластик
Кайсы аймактарда бул көйгөй күчөп жатат?
Бул көйгөй бардык мамлекеттерге тиешелүү, өзгөчө өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө курч турат. Ученые зыяндуу пестициддердин жана химиялык заттардын туура эмес пайдаланылышына байланыштуу маселе көтөрүп келишет. Абанын булганышы, саркынды сууларды тазалоо, таштандыларды кайра иштетүү маселелери да актуалдуу бойдон калууда.
Пластик көйгөйү
Пластиктин кеңири колдонулушу кургактыкты жана Дүйнөлүк океанды булгоодо. Ал тургай, Антарктиданын музунда жана Тынч океандын түндүк бөлүгүндө чоң таштанды аймактары пайда болгон.
Себептери
Унаалардан чыккан газдар
Өнөр жай калдыктары
Айыл чарбада пестициддерди колдонуу
Пластик таштандыларынын туура эмес башкарылышы
Чечүү жолдору
Таштандыларды кайра иштетүү жана экинчи жолу колдонуу
Пластикти азайтуу жана анын альтернативаларын колдонууну өнүктүрүү
Өнөр жай өндүрүшүндө зыяндуу химиялык заттарга чектөө киргизүү
Сууну тазалоочу системаларды жакшыртуу
Австрия жана Швейцария сыяктуу мамлекеттер калдыктардын 60% чейин кайра иштетүүгө жетишкен.
Дүйнө жүзүндө мындай тажрыйбаны кеңири жайылтуу керек.
Калктын көбөйүшү
Статистика жана божомолдор
Акыркы 100 жыл ичинде Жер калкынын саны 4 эсе өстү. 1940-жылы 2,3 миллиард адам болсо, бүгүн 8 миллиарддан ашты. Жыл сайын бул көрсөткүч орточо 1,1% көбөйүүдө, башкача айтканда, Жерге жылына 75 миллион адам кошулат. Демографтардын божомолуна ылайык, кылым аягында адам саны эң жогорку чекке жетет.
Себептери
Медицина өнүккөндүктөн, өлүмдүн азайышы
Контрацепциянын жеткиликтүүлүгүнүн төмөндүгү
Гендердик теңсиздик жана билим алуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши
ВОЗдун маалыматына караганда, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө 200 миллиондон ашык аял контрацепцияны колдонбойт. Дүйнөдө 130 миллион кыз мектепке барбайт, алардын 10% эч качан окуп-жаза албайт.
Чечүү жолдору
Ар бир адамга жеткиликтүү билим берүү
Балдар никесине тыюу салуу
Контрацепция жана үй-бүлөнү пландоо боюнча маалымдуулукту жогорулатуу
Табигый ресурстардын түгөнүшү
Статистика
Калктын көбөйүшү жана өнөр жайдын өнүгүшү планетанын ресурстарынын түгөнүшүнө алып келүүдө. Акыркы 50 жыл ичинде ресурстарды казып алуу 3 эсе, ал эми отун материалдарын колдонуу 45% көбөйдү.
Бүгүнкү күндө эң көп түгөнүп жаткан ресурстар:
Таза суу
Көмүр
Жаратылыш газы
Мунай
Фосфор
Балык ресурстары
Себептери
Калктын өсүшүнө байланыштуу керектөөнүн жогорулашы
Токойлордун кыйылышы
Айыл чарбанын жана өнөр жайдын өнүгүшү
Суунун жана айлана-чөйрөнүн булганышы
Чечүү жолдору
Кайра калыбына келүүчү энергия булактарын (күн, шамал, гидроэнергия) колдонууну көбөйтүү
Токойлорду коргоо жана жапайы жаратылышты сактоо
Энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонуу
Био артүрдүүлүктү сактоо жана суу ресурстарын коргоо программаларын ишке ашыруу
Жыйынтыктап айтканда, табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана экологиялык таза чечимдерди жайылтуу адамзаттын келечеги үчүн маанилүү.