www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумаркана маселеси элдик талкууга коюлса, өтпөй калмак», - деди бүгүн, 23-июнда, NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Нурлан Мотуев.

- Нурлан мырза, кечээ депутаттар казинонун ачылышын колдогон мыйзам долбоорун жактырышты. Бирок, коомчулукта бул маселени талкууга коюп анан чечиши керек эле деген пикирлер үстөмдүк кыла баштады. Сиздин оюңузча бул маселе мыйзам менен эле чечилиш керекпи же элдин да пикири эске алынышы керек беле?

- Казино маселеси элдик талкууга коюлса, өтпөй калмак. Ошондуктан, абдан куулук түрдө депутаттар өздөрү чечип коюшту. Негизи эле, бул казино мыйзамы көтөнзордук күчкө салуу, Ормон опуза менен кабыл алынды окшойт. Арткы эшикпи же тешикпи, айтор, сүрдүгүшүп ушундай сөздөр козголду.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш кечээ, 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт коюшту.

Ошентип аталган мыйзам экинчи окууда беш жолу добушка коюлуп, дароо эле үчүнчү окууда да добуш берилип, 58 депутат «макул», тогузу «каршы» болду. Беш депутат добуш берген жок.

Депутаттар арасында казиного уруксат берүүнүн кесепети оор болорун айтып, каршы пикирин билдиргендер болду. 

Өлкөдө бир катар нааразылыктан улам кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар айтылып келген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости