www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көмүр менен жылытууну кан буугандай токтотуп, жапырт газга өтүүбүз керек. Мындай пикирин саясатчы Нурлан Мотуев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

-Нурлан мырза, кечээ жаңы сатылып алынды делген Airbus H145 тик учагын арендага алса болоору айтылууда. Бул тик учакты туура эле сатып алдыкпы же ага корогон каражатты башка нерсеге пайдалансак болот беле?  

-Ошентип, тик учак алгандан көрө, Бишкек шаарын каптаган ышты кантип жоготобуз дешсе жакшы болмок. Болбосо, согуш жок тынчтык заманда эле кырылып калмай болдук. Көйрөңдүктүн да чеги болуш керек да.

Көмүр менен жылытууну кан буугандай токтотуп, жапырт газга өтүүбүз керек. Биздин көмүр кенден өндүрүлгөн көмүрдү Кытай жана Европа өлкөлөрүнө экспорттоо керек деген мыйзамды кабыл алып, ышты азайтуунун жолун табышыбыз керек.

-  ЕАЭСтин саммити, Өзбекстан менен чек аранын чечилиши, Тажикстан менен дагы сүйлөшүүлөрдүн жанданышы бийликтин иши илгерилеп жатканынан кабар береби?

-Кыргызстан эгемендүү, өз алдынча мамлекет болгондуктан саммит баары бир болмок. Өзбекстан менен чек ара да акыры чечилмек. Чечилбесе, тигил Тажикстан менен кырылышкандай конфликттер болуп кетүү коркунучу бар болчу. Кумтөр алтын кенин мамлекетке алган соң, дагы деле тышкы карыз 5 миллиард доллардан ашып  кеткени,  демек, мамлекеттик башкаруу менеджментинде олуттуу каталар кетүүдө. Ошол кемчиликтерди оңдош керек.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости