www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмне себептен депутаттар Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев жок болуп калды? Мындай пикирин жарандык активист Атай Бейшенбек бүгүн, 13-декабрда өткөн соттук отурумда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Элүү эки күн өтсө дагы тергөө амалдарын жыйынтыктай алышпай дагы созушууда. Коркутуп көрөлү деп жатышат. Биз кылмышкер эмеспиз. Буга чейин кандай суроолорду берсек азыр деле уланта беребиз. Камалганга чейин бир нече эскертүүлөр болгон. «Абайла», «камайбыз» деп. Бирок анын баары суу кечпейт. Камап коюу менен адамдын эркиндигин ала албайт. Көчөдө оозуңду жаап, көз каранды болуп жүргүчө камакта отурганбыз биз үчүн сыймык. Кылмыш боюнча ички иштер министрлиги бир дагы маалыматты коомчулукка берген жок. Протоколдор өзгөртүлүп жатат. Эмне себептен депутаттар Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев жок болуп калды? 22-октябрь күнү 10:40да жыйынга барып катышкан Жогорку Кеңештин эки депутаты жок, Кемпир-Абад боюнча комитетке мүчө болбогон, ал жыйынга барбаган мен бул кылмыштуу топтун мүчөсү болуп калдым. Бул абдан күлкүлүү. Мунун бардыгы саясий оюндардын кесепети.

Баш прокурор Курманкул Зулушев аталган эки депутаттын кол тийбестигин Жогорку Кеңешке алып чыгуу керек эле. Ал андай кылган жок, ошондуктан эки депутаттын тиешеси жок болуп калды. Кемпир-Абад маселесинде Жогорку Кеңештин төрагасынын тагдыры чечилди. Эми Баш прокурордун да кезеги келип калгандай. Ички саясий оюнда бизди шылтоо катары камагандыгы - коомду коркутуу. Алардын пикиринде эч ким каршы сүйлөбөй, оозду жаап отуруу керек», - деди Атай Бейшенбек.

Белгилей кетсек, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда башаламандык уюштурууга шектелген 30га жакын саясатчы, активисттердин бөгөт чарасы каралууда.

23-октябрда милиция бир катар саясатчы, жарандык активисттердин үйлөрүн массалык түрдө тинтүүгө алып, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 36 («Кылмышка даярдык көрүү») жана 278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча кылмыш иши ачылганын билдирген. Кармалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы позициясын билдирип келишкен.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости