www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналисттик иликтөөлөр фонду жана Кыргызстандагы Интерньюс уюму Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылчу сыйлыкка 2022-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү үчүн сынак жарыялайт.
Сынактын максаты – медиа кызматкерлердин иликтөөчү журналистикага, ошондой эле коррупциялык схемаларды жана мыйзам бузууларды ачыкка чыгарып, аларга бөгөт коюу фактыларын чагылдырууга багытталган демилгелерге кызыгуусун арттыруу.
Сынакка журналисттик иликтөө менен алектенген журналисттердин, медиа тармагында иш алып барган уюмдардын, фрилансерлердин, жарандык активисттердин, блогерлердин, студенттердин жана башка кызыкдар тараптардын иштери кабыл алынат.
Кабыл алынган иштерди баалоодогу негизги талаптар:
Сынактын жыйынтыгында 2022-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсүнүн автору же авторлор тобу 100 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болуп, атайын статуэтка жана диплом менен сыйланмакчы.
Сынакка катышуу тартиби:
Сынакка арыз кыргыз же орус тилдеринде кабыл алынып, анда:
арыз берүүчүнүн аты-жөнү;
Сынакка катышуу үчүн бул шилтеме https://forms.gle/aVJA4styK8HwcuGw7 аркылуу арызды толтуруп 2023-жылдын 5-январына чейин жөнөтүү керек. (5-январь акыркы күн)
Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген арыздар каралбайт.
Сынакка 2022-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жарык көргөн материалдар кабыл алынат.
Бир талапкер сынакка бир нече материал көрсөтө алат. Анда берилген ар бир материалга өзүнчө арыз толтурулушу зарыл. Жарык көрбөгөн материал сынакка кабыл алынбайт.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өзү макул көргөн иликтөөнү, эгер ал иликтөө жогорку профессионалдык деңгээлде жүргүзүлгөн деп ойлосо сыйлыкка көрсөтө алат.
Бардык суроолор боюнча Журналисттик иликтөөлөр фондунун долбоордук менеджери Гүлмира Эсенгелдиевага [email protected] электрондук дареги аркылуу кайрылса болот.
Маанилүү! Мыкты журналисттик иликтөө үчүн Уланбек Эгизбаев атындагы бешинчи мааракелик сыйлык тапшыруу аземи 2023-жылдын 12-февралында 3-чү«Чындык» иликтөөчү журналистика форумунун алкагында өтмөкчү.
Бул иш-чара Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгүнүн TRACK долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. “Журналисттик иликтөөлөр фонду” форумдун өнөктөшү.
«Чындык» форуму – бул журналисттик иликтөөнүн өнүгүүсүнө арналган иш-чара. Форумдун программасында панелдик талкуулар, тажрыйбалуу иликтөөчү журналисттердин, алардын ичинде чет элдик кесиптештердин лекциялары жана воркшоптору сунушталат.