www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Люстрация кылгыла деген сайын, өчөшкөнсүп эски шоопур, коррупция иштерине аралашкан шектүүлөрдүн баарын кайра апкелип, жыйнап жатышат», - деди бүгүн, 31-майда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Нурлан Мотуев.

- Нурлан мырза, Садыр Жапаров «бийлик башындагылар мурдагыдай схема түзүп, паракорчулукка, уурулукка эч качан аралашпайт. Ширшов менен схема түзүп иштегендердин баары камалат» - деди. Президенттин сөзүнө ынансак болобу?

- Акаев, Ширшовдор миллиондон жеп алып, жооп бербей басып кеткендери азыркы бийликтин бетине көө жапты. Негизи эле, паракорлор үй камагына чыгып, а патриоттор зонада отурганы кайсыл бийлик болбосун, легитимдүүлүгүнө шек келтирип, элдин колдоосунан ажыратат.

Миллиондон ашуун доллар уурдап, жооп бербей жеңил кутулуп кетесиң деген азыр идеология сыяктуу иштечү болду.

- Каныбек Туманбаев президенттин иш башкармалыгын жетектей турган болду. Ал иштин көзүн таба алабы?

- Люстрация кылгыла деген сайын, өчөшкөнсүп эски шоопур, коррупция иштерине аралашкан шектүүлөрдүн баарын кайра апкелип, жыйнап жатышат. Эл күлөөрүн же ыйлаарын билбей отурат. Жаңы бийлик ушунчалык ашмалтай иш алып бараарын таптакыр күтпөптүрмүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости