www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын газына эмбарго салууну Евробиримдиктин кезектеги санкциялар пакетине киргизүү талкууланбайт. Бул туурасында Австрия канцлери Карл Нехаммердин айтканын РИА Новости жазды.
"Кечээ эле түшүнүктүү болгон, бүгүн да кайталап коеюн, газга эмбарго коюу талкууланбайт, бул боюнча Олаф Шольц да түшүнүктүү кылып айтты", — деген Нехаммер ЕБдин саммитине келгенде.
Анын айтымына караганда, энергетика менен жабдуу коопсуздугунда нефтиге караганда газ маселеси такыр башкача. Орусиялык ресурстан баш тартса, мунайды башкасы менен алмаштырууда оорчулук жаралбайт.
"Газ маселесине келгенде такыр башкача, андыктан газ боюнча эмбарго суроосу кезектеги санкциялык пакетте да талкууланбайт", — деп кошумчалаган ал.
Булак: NazarNews.kg