www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бир дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо кыймылы адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын «Бир дүйнө – 2022» эл аралык ХVI-фестивалына катышууга тапшырыктарды кабыл алуу башталганы жөнүндө жарыялайт
Уюштуруу комитетинин чечими менен быйылкы фестиваль: «Климат жана каатчылыктар: жарандардын фундаменталдык укуктары боюнча кырдаал, Туруктуу өнүгүү максаттары үчүн альтернативалар» темасына арналат.
Дүйнө өзгөрдү, климаттык кубулуштарга байланышкан кыйынчылыктар жана башка маселелер, Борбор Азия өлкөлөрүнүн калкына таасир эткен саясий каатчылыктар менен анын кесепеттери дилемма бойдон калууда жана алар позитивдүү, баарынан мурда локалдык деңгээлдеги өзгөрүүлөр үчүн жаңы өбөлгөлөрдү, терең анализди, ой жүгүртүүнү талап кылат.
Арсарлык жана каатчылык шартында жашаган жарандар алардын үнүн эске алууга жана «Жергиликтүүдөн глобалдыкка чейинки» деген жаңы ыкма менен коомдогу социалдык жактан кыйла маанилүү маселелерди натыйжалуу чечүүгө башкалар менен бирдей катышууга муктаж.
Пайда болгон маселелер учурунда, чыр-чатак менен коштолгон жана кырсыктуу абалда эң аярлуу болуп аялдар менен балдар, улгайган жана майыптыгы бар адамдар болот, андыктан, кандайдыр бир басмырлоосуз горизанталдык лидерликке катышуу жана анын маанисин күчөтүү үчүн өнүгүү программаларын локалдаштыруу зарыл.
Кыргыз Республикасындагы Швейцариянын элчилигинин колдоосу менен, тилектештиктин WLP тармагы (Women’s Learning Partnership), FIDH (International Federation for Human Rights), CSP (The Civic Solidarity Platform), Forum-Asia, GNDR (The Global Network of Civil Society Organisations for Disaster Reduction), BICE (International Catholic Child Bureau), Борбор Азиядагы эмгек укуктары боюнча эл аралык мониторинг миссиясы менен биргеликте «Бир дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо кыймылы Фестиваль өткөрөт.
Тапшырыктарды берүү мөөнөтү – 2022-жылдын 1-июнунан 15-июлга чейин. Даректүү тасманын узактыгы 60 мүнөттөн ашпоосу зарыл. Катышуу үчүн төмөндө тиркелген форманы толтуруу керек: https://docs.google.com/document/d/1NSTWlzEKZJLYzoWqytO7Rww3UBN6zqXU/edit?usp=sharing&ouid=114720251913301271756&rtpof=true&sd=true Бардык тапшырыктарды: [email protected] E-mail дареги боюнча жөнөтүңүздөр.
Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалы – адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын One World эл аралык фестивалынын боордоштук иш-чарасы жана өзгөрүп жаткан дүйнөдө 2007-жылдан бери адам укуктары менен эркиндиктери боюнча өзөктүү темаларды көтөрүп келе жаткан кеңири горизонталдык катышуудагы жарандык платформа.