www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бир министрдин кесепетинен өлкөдө кумшекер тартыштыгы жаралууда», - деди бүгүн, 31-майда NazarNews маалымат агенттигине легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиев.
- Жамин агай, кумшекер неге аз болуп, жетишпестик пайда болуп жатат?
- Кыргызстанда кумшекер жетишпей, анын 1 килограммы 100 сомго чейин жеткендиги акылга сыйбаган иш.
Анткен себеби, Сары-Өзөн Чүй кант кызылчасынын ата-мекени болуп эсептелет. Ошондуктан мындай ыйык жерден Зууракан Кайназарова, Керимбүбү Шопокова жана Күлсара Сулаймановалар чыккан.
Мурун биз кызылчаны 40 миң гектар аянтка сээп, өзүбүздү гана эмес, бүткүл Орто Азияны камсыз кылып келгенбиз. Демек, 2022-жылга карата айдоо аянттарынын структурасын бекитип жатканда кант кызылчасына жок эле дегенде 20 миң гектар жерди бөлүш керек болчу.
А биз болсо 14 миң гектар жерге гана кызылча септик. Буга түздөн түз айыл чарба министрлиги күнөөлү.
Илимпоздор какшанып, кант кызылчасын 25 миң гектарга жайгаштырыш керек деген сунуш берсек, аны министр Жаныбеков тап-такыр укпай койду, кулагына кум куюп алды.
Чүй өрөөнүнөн тышкары Таласта дагы кызылчаны көбүрөөк сепсек болмок. Ал үчүн айыл чарбасына атайын бөлүнгөн 26 миллиард сомдун 1 миллиардын кызылчачыларга берип, кызыктырыш керек эле. Анын ордуна айыл чарба министри кластер деген балээни таап, убакытты өткөрүп жиберди.
Бул эми кечирилгис кемчилик да. Бир кишинин кесепетинен биз быйыл кумшекер менен элибизди 50 пайызга гана камсыз кылганы калдык, калган жарымын Орусиядан жана Казакстандан жалдырап сурап алып келишибиз керек. Кыларын кылып, кыл жип менен бууп коюп эми министр Жаныбеков кумшекерди сыртка чыгарбайм деп жатат.
Биринчиден, эмнени чыгарат, эгер кумшекер өзү аз болсо? Экинчиден, биз кумшекерди чыгарбоо жөнүндө чечим кабыл алсак, анда башка өлкөлөр бизге нан, өсүмдүк майын, жумуртка, тооктун эти жана ошол эле кумшекерди бербей койсо, анда эмне кылабыз?
- Бул маселени кантип чечсек болот?
- Бул маселени чечиш эми кыйынга туруп калды. Ошентсе дагы себилген 14 миң гектар аянттан кызылчанын жогорку түшүмүн алууга аракет кылыш керек. Ал үчүн дыйкандарды сугат суусу менен толук камсыз кылуу зарыл.
Бул максатта Орто-Токойдо топтолгон 470 миллион кубометр суунун бир тамчысын да коромжуга учуратпай, бардыгын Чүй өрөөнүнө беришибиз керек. Былтыркыдай болуп сууну туура пайдалана албай талааларды кургатып алсак, анда шорубуз кайнайт.
Мындан тышкары, кант кызылчасынан жер семирткичтерди, күйүүчү майды, техниканы жана жеңилдетилген насыя акчаларды аябаш керек. Кант заводдору дыйкандар өстүргөн түшүмдү жакшы баа менен кабыл алышы зарыл. Ошондо гана кызылчачыларыбыз кызыгып жогорку түшүмдү камсыз кылышат.
- Бакыт Төрөбаев кант заводунун жетекчиси менен сүйлөшкөнү маселе чечкениби?
- Токтоп калган кант заводдорун тезирээк иштетиш керек. Алар чыгарган кумшекерди уурдатып жибербей элге дароо жеткирип туруу талапка ылайык. Керек болсо бул ишти укук коргоо органдары көзөмөлгө алышы туура болот.
- Азыр эле танкыстык башталды. Жайда кумшекер жок болуп, баасы жогорулап кетпейби?
- Кумшекердин таңкыстыгы жаңы түшүмгө чейин, же болбосо сентябрь айына чейин уланышы мүмкүн. Демек, башка өлкөлөрдөн, өзгөчө Орусиядан кумшекер алып келүүгө Өкмөт күчүн аябаш керек. Анткени, аларда кумшекердин запасы бар. Казакстан болсо болгон кумшекерин бизге бербейт. Кыскасы бул орчундуу маселе боюнча Путин менен тил табыш керек.
- Дегеле азык-түлүк коопсуздугуна даярбызбы?
- Жалпысынан алганда биздеги азык-түлүк коопсуздугу коркунучтуу ахбалда турат. Себеби, жалпы тамак аштын 70 пайызын өзүбүздөн өндүргөндүн ордуна жыл сайын сырттан ташып келебиз. Мындай муктаждык быйылкы жылы көбөйсө көбөйөт, бирок азайбайт.
Ошондуктан, Өкмөт менен Министрлик балапандай болуп ооздорун ачып олтура бербей, айыл чарбабызды көтөрүүгө аябай аракет кылышы керек. Жакшы иштешсе, буга бардык шарттар бар.
- Өкмөттүн азык-түлүк боюнча аракети көңүл жубатарлыкпы?
- Өкмөттүн тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштери көңүлгө тойбойт. Айыл чарба министрлигин айтпай эле коёюн. Мамлекет бөлгөн 10 миллиард сом насыя менен республикабыздын дыйкандарынын 3 гана пайызы камсыз болду.
Калган акчалар кайда кетти? Орусиядан 1,5 миллиард сомго сатылып алынган кымбат үрөндөр жарым-жартылай эле келди. Жер семирткичтердин баасы асманга чыгып кетти, техника эскирип бүткөн.
Кыскасы айыл чарба министрлиги практикалык иштин ордуна куру кыйкырык, куру убада жана пиар-шоу менен гана алек болуп калды. Минтип олтурса, быйыл дагы азык-түлүк коопсуздугу камсыз болбой элибизди кыйнаганы турат окшойбуз.
Булак: NazarNews.kg