www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Малиев өкмөттүк эмес уюмдарды каржылап, элге жалган маалыматтарды таркаттырып, Кумтөрдүн жолун тогуз күн буудурган», - деди бүгүн, 31-майда NazarNews маалымат агенттигине акыйкатчы Турсунбек Акун.
- Турсунбек мырза, Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев Акылбек Жапаров кызматтан кетсин деген кайрылуу жасады. Анын кайрылуусу орунду эле болдубу?
- Арсланбек Малиев эл тарабынан шайланган Кыргыз Республикасынын депутаты. Элдин тандоосун сыйлап, мен ал кишиге урмат-сый менен мамиле кылам.
Бирок, Арсланбек Малиевдин министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кызматтан кетсин деген кайрылуусу орунду эмес экенин ачык эле айтам.
Эл арасында жылкы теппей, жылан чакпай ушундай популизмдик кайрылуу менен неге чыкты деп таңгалгандар болду. Чынында Акылбек Жапаров экономиканы көтөрүү үчүн башын сайып иштеп жатат. Анын жардамы менен «Кумтөр» кени мамлекеттин карамагына өттү. Негизи Арсланбек Малиевге караганда Садыр Жапаров менен Акылбек Жапаров мамлекет үчүн пайдалуу иштерди жасап жатышат.
Мынча болду эми тарыхтын бүктөмүндө калган бир окуяны эске салайын. Арсланбек Малиев депутат болуп турган учурда элге туура эмес маалымат берип, чоң кылмыш иштерге барууга аракет кылган. Бирок, анын аракети ишке ашпай калган.
- Ал кандай иш эле?
- Малиев депутаттык статусунан пайдаланып, Бакиев президент болгон мезгилде «Кумтөрдү» канададан тартып алып, улутташтырып алам деп жеке кызыкчылыгын жогору коюп, чоң аракеттерди көргөн.
Көлдүктөрдү көтөрүп, өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу элге жалган маалыматтарды таркаттырган. Аларды чоң сумма менен каржылап, Кумтөрдүн жолун тогуз күн буудурган. Ал кезде мен адам укугу боюнча президенттин алдындагы комиссияны жетекчиси болчумун.
Ыраматылык Медет Садыркулов чакырып алып, Малиевдин сөзүнө кирип провокация кылган өкмөттүк эмес уюмдун жетекчилери, жолду тоскон эл менен жолугуп, жолду ачтырып келүү үчүн Аалы Карашев экөөбүздү көлгө жиберген.
Барып эле ошол жерде жүргөн өкмөттүк эмес уюмдун башчысына жолуктум. Алар «сиз менен эмес, Кумтөрдү иштеткен ишкананын вице президенти Сазанов менен сүйлөшөм» - деди. Экөө боз үйдүн аркасына кетти.
Бирок, Сазанов өңү купкуу болуп эле келди. Эмне болду десем, «өкмөттүк эмес уюмдун жетекчиси менден бир миллион доллар сурап жатат. Ошону берсең эл тарайт» деди дегенин айтты.
Элди тукуруп жолду бууп жаткан өкмөттүк эмес уюмдун жетекчисине мен жеке жолугуп «Жолду бүгүн ачпасаңар жана провокацияны токтотпосоңор, Сазановдон сураган миллион доллар тууралуу элге ачык айтам» деп катуу талап койдум.
Элге айтып жиберсе не болом дедиби алаңдап калды. Элге туура маалымат берип, «Кумтөрдө» 4000ден ашык адам иштеп, үй-бүлөсүн багып жатканын, азыр жолду ачпасак «Кумтөр» аварияга туш болоорун айттык. Эл туура түшүнүп түнкү 10до жолду ачышты. Кыскасы, Арсланбек Малиев ушундай провокациялардын башында турган. Эгер андай эмес болгон деп танса, Аалы Карашевден сурап көргүлө. Ал киши да күбө.
- Өкмөттүк эмес уюмдун жетекчисинен каражатты Малиев суратканбы?
- Менимче, өкмөттүк эмес уюмдун өкүлү өзү билип, бир миллион доллар сурабайт болчу. Мен алган маалыматтар боюнча Сазановдон жанагы сумманы Малиев суратканын деген маалыматты ошол жердегилердин айтканын уккам.
Булак: NazarNews.kg