www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазык жана Жазык-процессуалдык кодекстердин жаңы долбоору кабыл алынса, ишкерлерге эле эмес, баарыбызга терс таасирин тийгизет. Мындай пикирин Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мүсүралиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Башкы прокуратура тарабынан демилгеленип жаткан жаңы кодекстер 29-январда президент кол койгон «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыгына дал келбей калган.

«Жарлыкта экономикалык кылмыштарды декриминалдаштыруу жөнүндө жазылган.  Биздин адистер жаңы кодекстерди изилдеп көрүп, тескерисинче криминалдаштыруу болуп калганын байкашты. Жаңы долбоорлорго ылайык, Жоруктар жөнүндө кодекс жоюлуп,  жоруктар экономикалык кылмыш катары эсептелинип калат экен. Андан тышкары жаңы кодекстерде экономикалык кылмыштар боюнча өзүнчө бир тергөө органы жок, андай укук Башкы прокуратурадан тышкары ИИМ, мамлекеттик күч органдарына берилет экен. Бизнести бир эмес, 3 органдын текшериши өтө терс таасирин тийгизет. Андай окуялар тарыхта болгон», — дейт Мүсүралиев.

Ал былтыр Артем Новиков премьер-министр болуп турганда, реформа боюнча кеңеш түзүлүп, иш алып барганын эске салды. Анда жумушчу топ учурда иштеп жаткан кодекстерге өзгөртүү киргизүү боюнча бир жылдан ашык иш алып барган. Ишкерлер коомчулугуна да өз ой-пикирлерин айтууга мүмкүнчүлүк берилген. Ал эми азыркы жаңы кодексте алардын пикирин эске алынбаганын айткан Нурлан Мүсүралиев мындай олуттуу долбоорлорду шашылыш кабыл албоо керектигин, анын кесепети жеке эле бизнеске эмес, баарына тийерин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости