www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Облустук ооруканада дарыланып жаткан 61 бейтаптын ичинен сегизинин абалы өтө оор болсо, 35и кычкылтек концентраторунун жардамы менен дем алып жатканы айтылды.

Жалал-Абадда соңку аптада коронавирус жана пневмонияга кабылгандардын саны өсүп, облустук оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмү бейтаптарга толду. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, коронавирус боюнча кырдаал облустук штабдын жыйынында талкууланган.

"Оорукананын 65 орунга ылайыкташкан жугуштуу илдеттер бөлүмүндө учурда 61 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен сегизинин абалы өтө оор болсо, 35и кычкылтек концентраторунун жардамы менен дем алууда. 348 адам үй шартында дарыланып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Оору жуктургандардын саны өскөндүктөн, Ноокен жана Аксы аймактык ооруканаларында жугуштуу илдеттер бөлүмдөрү ачылганы кошумчаланды. Ал жакта Ноокен, Базар-Коргон, Майлуу-Суу, Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Таш-Көмүрдүн тургундары дарыланып жатат.

"Жакында Сузак районунда да кабыл алуулар башталып, Жалал-Абад шаарында күндүзгү стационарлар ачылат. Облус башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков тийиштүү кызматтарга жергиликтүү бийлик менен бирге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, рейддерди күчөтүү тапшырмасын берди", — деп жазылат билдирмеде.

Ызабеков коомдук транспорттогу жүргүнчүлөрдүн санын кыскартуу, санитардык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө зарылдыгын да эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости